Биз менен байланышыңыз

Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык жолунун курулушу 2022-жылы аяктайт

Кыска кабар | 19 мая 2021 | 384 | 0

Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтүүчү Баткендеги Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык жолу 2022-жылы толугу менен бүткөрүлөт. Бул тууралуу Транспорт министрлиги маалымдады.

Министрликтин маалыматында, аталган жолдун узундугу долбоор боюнча 24.5 км түзөт. Бул долбоордун аткаруучусу «Жалал-Абад СМУтт» жабык акционердик коому.  Алар жол курулушунун чыгымын 536 млн сомго баалаган. Курулуш иштери 2013-жылы апрель айында башталган. Бирок 2018-жылы жолдун 13-чакырымынан 17-чакырымына чейинки бөлүгү мамлекеттик чек арага жакын болгондуктан бүтпөй калган. Аталган участокто Ворух анклавынын тургундары менен Ак-Сай айылынын тургундары ортосунда бир канча ирет чыр чыккан. Буга тажик тараптын каршылыгы себеп болгонун министрликтин маалымат кызматы кошумчалаган.

Чек арадагы чырга себеп болгон жол жөнүндө маалымат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM