Биз менен байланышыңыз

«Центерра» президентинин билдирүүсүнөн соң, акциялардын баасы өсүп баштады

Кыска кабар | 19 мая 2021 | 1181 | 0

Канадалык алтын казуучу Centerra Gold Inc. (Кыргызстандын 26.4% үлүшү бар) компаниясынын акциялары кечээ, 18-майдан тарта ылдамдык менен өсө баштады. 

Кечээ, 18-майда эртең мененки саат 9:30дан баштап, түшкү саат 12:00гө чейин Торонтодогу Фонддук биржадагы акциялар 8,7%га баасы өстү.

Centerra Gold Inc. компаниясынын акцияларынын баасынын өсүүсүнө аталган компаниянын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перринин билдирүүсү себеп болгонун Reuters агенттиги жазды. Тактап айтканда, Кыргызстан «Кумтөр» кениндеги көзөмөлдү өз колуна алгандын эртеси Скотт Перри билдирүү жасап, Centerra компаниясынын жетекчилиги акционерлердин укугун коргоо үчүн колунан келген бардык чараларды көрө турганын билдирген. Ошондой эле компания Канада жана Улуу Британия Өкмөтүнүн натыйжалуу колдоосун көрүп турганын кошумчалаган.

Буга чейин «Кумтөр» кенинин айланасындагы окуялар боюнча Канаданын бийлиги да үн каткан болчу.

Канада бийлиги «Кумтөр» кенине байланыштуу билдирүү жасады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM