Биз менен байланышыңыз

Канада бийлиги «Кумтөр» кенине байланыштуу билдирүү жасады

Кыска кабар | 18 мая 2021 | 1668 | 0

Канаданын бийлиги «Кумтөр» алтын кенинин айланасындагы соңку жагдай боюнча билдирүү жасады.

Билдирүүдө Канада Кыргызстандын инвестициялык өнөктөшү катары тоо-кен тармагындагы соңку окуялардын чукул курчуп жатканына тынчсызданып жатканы айтылат.

Канаданын тышкы иштер министри Марк Гарно жана Эл аралык соода, экспорт жана чакан бизнестерди өнүктүрүү министри Мэри Нг биргелешкен билдирүү жасап, анда «Канада Кыргызстандын инвестициялык өнөктөшү катары тоо-кен тармагындагы соңку окуялардын чукул курчуп жатканына тынчсызданат. Ошондой эле Жогорку Кеңештин 17-майда өткөн кезексиз жыйынындагы кабыл алынган чечимге өкүнүү менен карайт. Айрыкча «Кумтор голд компани» боюнча убактылуу сырттан башкаруу чечиминин  кабыл алынышы жана кыргыз тарап канадалык ачык акционердик кооомдун эл аралык активдеринин үстүнөн да көзөмөл орнотууга аракет кылганы да өкүндүрөт. Бул көрүнүш Кыргызстанга бара турган сырткы инвестициялардын агымына терс таасирин тийгизиши мүмкүн», — деп айтылат.

Мындан сырткары Канада тарап Кыргыз Өкмөтү менен чет элдик инвестордун ортосундагы талаш ачык-айкын чечилбегенин да сындап өткөн.

«Кумтөрдүн» айланасындагы акыркы кырдаалга эксперттер эмне дейт?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM