Биз менен байланышыңыз

Алтыбаева: «Кумтөр» боюнча жооптуулардын тизмесин түздүк

Кыска кабар , Пикирлер | 18 мая 2021 | 669 | 0

«Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссия 28 жылда кен боюнча кандайдыр бир чечим чыгарууга тиешеси бар адамдардын тизмесин түзүп, укук коргоо органдарына өткөрүп берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тизмеге кен иштетилип баштагандан бери ким президент, ким премьер-министр болгон, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигин ким жетектеп турган, Кыргызстандын атынан «Центерранын» Директорлор кеңешине ким мүчө болгон, ошол адамдардын баары кирди.

«Бул азырынча тизме эле. Андагы адамдардын бул иште канчалык күнөөсү бар экенин тиешелүү органдар иликтеп чыгып, укуктук баа берсин. Күнөөлүүлөр өз жазасын алышы керек. Жоопкерчиликти сезбей, кылмыш кылып жүрүп, анан акчанын аркасы менен башка жумушка кирип алгандар бар. Сот өз баасын берсин. Тизме кечээ бүт депутаттарга таратылды», — деди Алтыбаева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM