Биз менен байланышыңыз

Айнуру Алтыбаева: «Центерра» боюнча сотто өлкө кызыкчылыгын 3 компания коргойт

Кыска кабар , Пикирлер | 18 мая 2021 | 556 | 0

«Центеррага» каршы Эл аралык арбитраждык сотто Кыргызстандын кызыкчылыгын 3 компания коргойт. Бул тууралуу парламент депутаты, «Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Айнуру Алтыбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Алар: британиялык, канадалык жана америкалык компаниялар.

«Кыргызстан бул маселелер боюнча күчтүү, тажрыйбалуу, жергиликтүү мыйзамдарды билген 3 компанияны жалдады. Алардын аттарын айтпай эле коеюн. Ал компаниялар — кен багытында иштеп жүргөн юридикалык компаниялар. Сотто утуп чыккан сумманын 10%ы алардын кызматы үчүн төлөнөт. Утуп чыкканга чейин да эксперттер өз иши үчүн акча алат», — дейт депутат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM