Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Карантинди кайра киргизүү коркунучу бар

Ден соолук , Кыска кабар | 17 мая 2021 | 10362 | 0

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү эпидемиологиялык абал дагы деле кооптуу. Дарыгерлер эл арасында санитардык эрежелер сакталбаганына кабатырланууда. Коронавирустун буга чейинки көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу илдет жуктуруп алгандардын саны өсүп, бейтаптар күндөн күнгө көбөйүүдө. Буга байланыштуу бийлик Бишкекке жана айрым облустарга карантиндик чектөөлөрдү күчөтүүнү карап жатат. 

Учурда коронавируска чалдыккандар айрыкча Бишкек шаарында жана Чүй, Ысык-Көл облустарында көп катталууда. Бүгүнкү, 17-майдагы көрсөткүчтөр боюнча алып караганда эле, коронавирус жугузуп алганы аныкталган 259 адамдын 161и Бишкек шаарынан, 44ү Чүй облусунан, 22си Ысык-Көл облусунан, ал эми калган 30 бейтап ар кайсы аймактардан катталган. Ал эми ушул илдеттен каза тапкан 8 маркумдун 5и Бишкек шаарынан, 2си Чүй облусунан, 1и Ысык-Көл облусунан болгон.

Бийлик борбор калаага жана аталган эки облуска карантиндик чектөөлөрдү киргизүү маселесин карап жатат. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова 15-майда аталган аймактардын жетекчилерине эпидемиологиялык кырдаалга жараша кафе-ресторандардын, базарлардын, мектептердин, бала бакчалардын, коомдук транспорттун ишин чектөө чечимдерин убагында кабыл алууга чакырды.

Бишкекте учурда мектептер, бала бакчалар жарым-жартылай жабык. Аймактарда балдар окуу жылынын жарымынан тартып салттуу режимде окуп баштаган.

Анткен менен ири иш-чараларга чектөө киргизиле элек. Айталы, 15-майда Ысык-Көл облусунда 35 өлкөнүн 100 миңге жакын спортчусу жана ышкыбоз жараны катышкан эл аралык марафон болуп өттү. Ошондой эле Бишкек шаарында да калайман топ катышкан ар кандай ири иш-чаралар да орун алып келет.

Ошондой эле мектептерде бүтүрүү кечесин өткөрүүгө мэрия тыюу салбай турганын, буга чейин онлайн форматта өтөт делген «Акыркы коңгуроо» салтанатын салттуу түрдө өткөрүү каралып жатканын Бишкек шаарындагы ата-энелердин демилгелүү тобунун негиздөөчүсү Чынара Төлөгөнова айтып берди. Ал жетектеген топ бүгүн, 17-июнда Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева менен жолугуп, мектептер жана бала бакчалар боюнча талкуу өткөрүшкөн.

«Мэрия Саламаттыкты сактоо министрлиги менен чогуу «Акыркы коңгуроону», бүтүрүү кечесин бардык талаптар, санитардык эрежелерди сактап, өткөрүп берүүнү жоопкерчилигине алып жатат. Бул азыр суроо бойдон калууда, маселе чечиле элек».

Бүгүнкү күндө дүкөндөрдө, кафе-ресторандарда, коомдук транспортто рейддер жүрүп жатканын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Айнагүл Рыскулбекова маалымдады. Ал эми карантиндик чектөөлөр киргизилеби же жокпу, протокол азырынча алардын колуна түшө элек. Санэпидборбордун анализине ылайык, өлкөдөгү абал кооптуу, көрсөткүчтөр адаттан тышкары жогору болуп жатат.

 «Азыркы абал аябай эле кооптуу. Вирусту жуктуруп алгандар күндөн күнгө көбөйүп жатат. Эл санитардык эрежелерди, аралыкты сактабай, беткап тагынбай калышкан. Карантиндик чектөөлөр боюнча бизге протокол келе элек. Бүгүн кечинде шаардык штабтын жыйыны болот. Ошол жерде айтып, протоколду берип калышы ыктымал. Азырынча белгисиз».

Ошол эле учурда коронавирус илдетин «саясий оюн» деп эсептегендер да жок эмес. Жарандык активист Гүлжигит Исаков «таажы вирус — дүйнө жүзүндө инструмент катары атайын ойлоп табылган нерсе» деген көз карашта. Мунун аркасында көптөгөн саясий максаттар турганын, кыргыз бийлиги дүйнөлүк коомчулуктун таңуулаганын, «сырттагы кожоюндардын буйругун» аткарып берип жатканын айтат.

«Ковид — дүйнө жүзүндө атайын инстурмент катары ойлоп табылган нерсе. Бул — биологиялык курал. Мунун аркасынан көптөгөн саясий максаттарды көздөп жатышат. Көп кырдуу, максаттуу бир инструмент болуп жатат. Ошондуктан алар каалаганда өздөрүнүн ыңгайына карап колдонуп, каалаганда тыюу салып коюп жатышат. Азыркы бийлик дүйнөлүк коомчулуктун талаптарын, айткандарын аткарып жатат, элди болсо такыр укпай эле».

Коронавирус боюнча кеңеш бере турган колл-борборуна, тагыраагы, «118» кызматына күнүнө 500дөй адам кайрылат. Мындай көрсөткүч буга чейинки айларга салыштырмалуу өтө элек көп экенин Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун директору Бахтыяр Станбеков маалымдады.

 «Күндө «118» кызматына коронавирус боюнча кеңеш алуу үчүн 500дөн 600гө чейин чалуулар болуп жатат. Мисалы кечээ, 16-майда 342 чалуу келип түштү. Бейтаптардын саны күндөн күнгө өсүп жатат. Ооруканадан чыккандардан да, ооруп түшкөндөрдүн саны көбөйүп баратат».

«Таажы вирустан арылуунун бирден бир натыйжалуу жолу — эмдөө», — дейт Республикалык эмдөө борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев. Ал 2020-жылы июнь айында Кытайдагы Ухань шаарында кытайлык «Синофарм» вакцинасы колдонулуп, коронавирусту жеңгенин эскертти.

«Башында элде коркуу сезими болуп, вакцинаны аз эле адам алып жаткан. Азыр болсо жакшы, активдүү алып башташты. Ар бир каалаган жаран келип эмдөө алып кете алат. Вакцинанын эффективдүүлүгүн баары билип калышты. Ошон үчүн суроо-талап көбөйдү. Эгерде вирустан тезирээк арылабыз десек, анда эмдөөдөн баарыбыз өтүшүбүз керек, себеби Кытайдагы Ухань шаарында былтыр коронавирустун көрсөткүчтөрү аябай өскөндө, калкты «Синофарм» вакцинасы менен эмдөөдөн өткөрүп, жакшы болуп кетишти».

Белгилей кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 100 миң 732 адамга коронавирус жуккан. Анын ичинен 93 миң 886 адам айыгып чыгып, 1 миң 711 адам каза болду.

Бүгүнкү күндө өлкөдө «Синофарм» вакцинасы менен 50 миңден ашуун жаран эмделди. Анын ичинен 10 миңден ашуун жаран экинчи дозасын алды. Ал эми «Спутник V» вакцинасы 9 миңден ашуун жаранга сайылды.

22-апрелде жана 10-майда «Спутник V» вакцинасынын биринчи жана экинчи партиялары жалпы 40 миң доза алынып келинген. Учурда Бишкек шаарында бул вакцина түгөнгөн. Ал эми «Синофарм» вакцинасы азырынча жетиштүү санда.

Май айынын соңунда «Синофарм» вакцинасынын экинчи партиясы, «Спутник V» вакцинасынын үчүнчү партиясы жана «ActraZeneca» вакцинасынын алгачкы партиясы келери күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM