Биз менен байланышыңыз

«Кумтөр» боюнча бир топ жетекчи суракка чакырыла баштайт

Кыска кабар | 17 мая 2021 | 826 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Кумтөр» алтын кенине байланыштуу кылмыш иштерин иликтеп жатат. Анын алкагында мурдагы келишимдерди түзгөн айрым жетекчилер суракка чакырылып баштайт.

Бул тууралуу 17-майда парламенттин жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кабарлады. Анын айтымында, учурда төрт кылмыш иши тергелип жатат. Анын бири убагында «Кумтөргө» байланыштуу келишимдерди кабыл алган жетекчилерге байланыштуу, калганы ошол учурда жооптуу кызматта тургандар боюнча, арасында Жогорку Кеңештин депутаттары да бар.

«Азырынча суракка чакырыла турган жетекчилердин аты-жөнү ачыкталбайт. УКМКда конкреттүү кылмыш иштери ачылган, ал чыккынчылыкка байланыштуу эмес. Сиздер бүгүн токтом кабыл алып берсеңиздер, эртеңден тарта суракка чакыра баштайбыз», — деди Ташиев депутаттарга.

Ташиевдин айтымында, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, айрым депутаттар жана бир топ кызмат адамдары коррупция үчүн айыпталып жатат.

Ошондой эле Салык кызматы менен Социалдык фонд аркылуу мамлекетке түшпөй калган 1,5 миллиард сом боюнча «Кумтөр Голддун» жетекчилеринин экологияга келтирилген зыян боюнча чечимдерине байланыштуу иштер иликтенүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM