Биз менен байланышыңыз

«Кумтөрдү» иликтеген мамлекеттик комиссия күзгө чейин иштейт

Кыска кабар | 17 мая 2021 | 413 | 0

«Кумтөр» алтын кенинин ишмердигин изилдеген мамлекеттик комиссиянын иши узартылат. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында айтты.

Комиссиянын иштөө мөөнөтүн 2021-жылдын күзүнө чейин узартуу пландалууда.

«Азыр арбитраждык процесстер башталды. Биз бардык кагаздарды даярдадык. Биздин юристтер парламент эл өкүлү катары арбитраждык процесстерге катышуусун сунуштоодо. Өкмөт жана мамлекеттик органдар процесстин катышуучулары болот, ал эми парламент юриспруденция боюнча жарандардын өкүлү болуп саналат. Баса, биздин 4 жараныбыз биринчи соттон жеңип чыгышты, калган соттор дагы адилеттүү болот. Алар бизди арбитраждык сотто көрсөтүшөт», — деди Жапаров.

«Кумтөр» алтын компаниясынын ишмердигин изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия Жогорку Кеңештин 17-февралдагы токтому менен түзүлгөн. Кийин анын макамы мамлекеттик болуп өзгөртүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM