Биз менен байланышыңыз

«Кумтөрдү улутташтырсак, «Центеррага» кенемте төлөп берүүгө милдеттүү болобуз»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 мая 2021 | 1249 | 0

Кыргызстан «Кумтөрдү» Бириккен Улуттар Уюмунун 1962-жылы кабыл алынган резолюциясынын негизинде улутташтыра алат. Мындай пикирин Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «1803» деп аталган резолюциянын 4-пунктунда «Ар бир мамлекет кен жайларын экологияга же адам өмүрүнө коркунуч келген учурда улутташтырса болот» деп көрсөтүлгөн. Бирок «Кумтөрдү» улутташтыра турган болсок, сөзсүз түрдө «Центеррага» компенсация төлөп берүү керек болот. Бул — өтө опурталуу нерсе.

«Биз «Центерра» өз чыгымдарын канчага баалайт, билбейбиз. Алар айткан суммага биз көнөбүзбү? Ошол акчаны төлөгөнгө кудуретибиз жетеби? Мына ушул маселени чече ала турган болсок, анда улутташтыруу өтө оор деле эмес. Андан тышкары биз компанияга тыштан башкаруу киргиздик деп жатабыз. Ал 3 айлык мөөнөткө киргизилет, ошол убакта Кыргызстан «Кумтөрдүн» ишин үзгүлтүккө учуратпай, иштетип туруусу керек болот. Иш токтоп калса, Давыдов мөңгүлөрү эрип, ылдыйда иштетилип жаткан горизонтторго түшөт, бул — өтө кооптуу. Анда биз миллиондогон долларларды  жумшап, калыбына келтиришибиз керек болот», — дейт Камчыбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM