Биз менен байланышыңыз

«Кумтөр» боюнча жарым сааттык тасма көрсөтүлүп жатат

Кыска кабар | 17 мая 2021 | 383 | 0

«Кумтөрдүн» ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия кендеги иликтөө боюнча 834 барактан турган отчет даярдады. Бул тууралуу 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында аталган комиссиянын жетекчиси, депутат Акылбек Жапаров кабарлады.

Ошондой эле 27 мүнөттүк тасма даярдалган. Алгач ошол тасма көрсөтүлүп жатат.

Акылбек Жапаровдун айтымында, бүгүн парламенттин кезесиз жыйынында 2012-жылы түзүлгөн депутаттык комиссиянын отчету, 2013-жылда түзүлгөн комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыктары жана учурдагы депутаттык комиссиянын алдын ала отчету, андан кийин «Центерранын» директорлор кеңешинин мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүктүн, Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманованын да маалыматтары угулат.

Парламенттин кезексиз жыйынына төрага Улукбек Марипов баштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрү да катышууда.

Бишкектин райондук соту «Кумтөр Голд Компани» ишканасын келтирилген зыяндары үчүн 3 млрд доллар өлчөмүндө айыпка жыккан. Ага чейин Кыргызстанда «Кумтөр» алтын кенине сырттан башкаруу киргизиле турган мыйзам долбоору кабыл алынды.

16-майда «Кумтөр» кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд» компаниясы (Centerra Gold Inc) Кыргыз Өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM