Биз менен байланышыңыз

Камчыбеков: «Кумтөр» былтыр бюджетке 14 млрд сомдон ашык акча которгон

Кыска кабар , Пикирлер | 17 мая 2021 | 636 | 0

«Кумтөрдүн» иши токтосо, бюджетке көп акча түшпөй калуу тобокелчилиги бар. Бул туурасында Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Кумтөр» өлкө бюджетине жыл сайын чоң салым көрсөтөт. Мисалы, 2020-жылдын жыйынтыгы менен компания мамлекетке 14 млрд сомдон ашык акча которгон.  Андан тышкары 17,3 тонна алтын өндүрүп сатып, андан 980 млн доллар пайда түшкөн болсо, ошонун 344 млн доллары салык, бажы төлөмдөрү, сатып алууларга жумшалган каражат түрүндө Кыргызстандын ичинде калган.

«Бул — чоң акча. «Кумтөрдү» улутташтыруу маселеси бүгүн гана чыга калган жок. Бирок бардык учурда «Ишкана ишмердигин токтотсо, бюджетке акча түшпөй калат экен, пенсия-жөлөк пулдарды кантип төлөйбүз?» деген маселе чыгып, өкмөттүн колун байлап келген», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM