Биз менен байланышыңыз

Жапаров менен Мирзиёев эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты

Кыска кабар | 13 мая 2021 | 646 | 0

Бүгүн, 13-майда Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки өлкөнүн лидерлери Орозо айт майрамына байланыштуу жылуу куттуктоолорун айтышып, бири-бирине чың ден соолук, мамлекеттик ишмердиктерине ийгиликтерди, эки өлкөнүн элине бакубат жашоо жана өнүгүү каалашты.

Эки тараптуу жана аймактык кызматташтыктын башка маселелери менен катар Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялар талкууланды.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге ошол кездеги кырдаалга жеке өзү көңүл буруп, Кыргызстан элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы калган тилкелерди мыйзамдаштыруу маселелерин, суу-энергетика жана инвестиция жаатында кызматташуу келечегин талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM