Биз менен байланышыңыз

Жапаров менен Токаев кыргыз-тажик чек арасын талкуулашты

Кыска кабар | 13 мая 2021 | 842 | 0

Бүгүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылары бири-бирин Орозо айт майрамы менен куттукташып, эки өлкөнүн элине тынчтык жана бакубат жашоо каалашты.

Андан кийин президенттер Кыргызстан менен Казакстандын эки тараптуу жана аймактык кызматташтыгынын бир катар актуалдуу багыттарын, анын ичинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө болгон акыркы окуяларды талкуулашты.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге кырдаалга көңүл бөлгөндүгү, көңүл айтуу жана колдоо сөздөрү, ошондой эле Баткен районунун чек ара айылдарынын жашоочуларына гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Тараптар өз ара кызыкдар болгон биргелешкен күн тартибинин бардык спектрлери боюнча биргелешкен кызматташтыкты орнотууга өз ара даяр экендиктерин ырасташты.

Copyright © 2017 Maral FM