Биз менен байланышыңыз

Жапаров жаштардын техникалык билимин өркүндөтүүсүн колдойт

Кыска кабар | 12 мая 2021 | 572 | 0

Президент Садыр Жапаров 12-майда Бишкек шаарындагы «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясына барды. Анда окуучулар дронду башкаруу ыкмаларын, чыгыш күрөш оюндарын, өздөрү кураган мини-тракторду көрсөтүп беришти.

Садыр Жапаров робот техникасы, информатика, көркөм сүрөт, 3D моделдөө, астрономия сабактарынын бөлмөлөрү менен таанышты. Ал окуучулардын техникалык билимин өркүндөтүүсүн колдой турганын айтты.

«Бүгүнкү күн өзүнүн башка талаптарын коюп жатат. Дүйнөлүк коомчулук «4-муун» аталышындагы  өнөр жай революциясына кошулду. Буга байланыштуу жаштардын билим алуусуна ар кандай мамилелерди талап кылган жаңы чакырыктарга туш болуудабыз», — деп белгиледи Жапаров.

Ал «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалдарын облус борборлоруна ачуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Академиянын педагогдору инженердик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну өтүнүштү. Алар бул маселе боюнча өз ойлору менен бөлүшүп, Академиянын ишмердүүлүгүн модернизациялоо боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти.

«Алтын түйүн» республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы 1961-жылы негизделген. Ал жер жаштардын STEM билим берүү жана илимий-техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүү менен алектенген бирден-бир адистештирилген мектептен тышкаркы мекеме.

Академиянын балдар бирикмелеринде 1800дөн ашуун окуучу онлайн жана офлайн режимде робот техникасы, алгоритмдер, техникалык моделдөө негиздери, информатика жана программалоо, инженерия, 3D моделдөө, компьютердик дизайн, ойлоп табуучулук маселелерин чечүү жана патенттөө, сүрөт тартуу, шахмат жана башка багыттарда окутулууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM