Биз менен байланышыңыз

Израилдин соккусунан улам Газа секторундагы 13 кабаттуу үй урап түштү

Дүйнө , Кыска кабар | 12 мая 2021 | 1554 | 0

Израилдин Газа секторуна жасаган абадан чабуулунун айынан 13 кабаттуу үй урады. Бул тууралуу «The Times of Israel» басылмасы маалымдады.

Газа секторундагы «Бурж-Ханади» деп аталган 13 кабаттуу үйдүн эмне үчүн бутага алынганы тууралуу Израиль азырынча түшүндүрмө бере элек. Бирок аталган имаратка бомба таштоодон мурун андагы жашоочуларга эскертүү берилгени айтылууда.

Учурда канча адам жабыркаганы тууралуу маалымат жок. Бирок Израиль бийлиги аталган имараттан жай тургундар чыгып кеткен соң чабуул кылганын айтууда. Алар алгач эскертүүчү чабуул жасап, анда көп кабаттуу үйдүн чатыры гана жабыркаган. Андан соң бомба таштап, 13 кабаттуу үй толугу менен урап түшкөн.

Палестинадагы ХАМАС тобу менен Израилдин бири-бирине жасаган чабуулдары азырынча токтой элек. «Аль-Акса» мечитиндеги окуялардан соң, Израилдин авиа чабуулдарынын натыйжасында 28 палестиналык каза болуп, анын 10у жаш балдар экени айтылууда. Ал эми Израиль бийлигинин маалыматында ХАМАС тобунун чабуулунан улам 2 аял каза болгон.

Палестина менен Израилдин ортосундагы кырдаал курч бойдон турат

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM