Биз менен байланышыңыз

Палестина менен Израилдин ортосундагы кырдаал курч бойдон турат

Дүйнө , Кыска кабар | 11 мая 2021 | 1286 | 0

Палестинадагы кырдаал дагы эле курч бойдон турат. Израилдин Газа аймагына жасалган абадан соккусу 22 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Ашраф аль Кидра кабарлады. Набыт болгондордун 9у жаш бала болсо, бирөөсү аял. Ал эми жалпы 106 адам ар кандай жаракат алган.

Иерусалимдин чыгышындагы тиреш бир нече күндөн бери уланууда. 9-майдын кечинде Израиль полициясынын колунан 80 палестиналыктын жабыр тартканы, муну менен ар кандай жаракат алгандар 300 адамга жеткени айтылган. Эртеси күнү тиреш күч алып, абадан сокку урууга өтүшкөн. Израиль Газа тараптан 150 ракеталык жардыргыч келип түшкөнүн жарыя кылган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Палестинанын мындай аракети жоопсуз калбай турганын кесе айтып, Газа тарапка да сокку урулган. Анын кесепетинен 22 адам көз жумду.

2019-жылы Иерусалимдин соту Шейх Жеррах квраталында жашаган 12 палестиналык үй-бүлөгө карата соттук чечим чыгарып, жашаган үйлөрүн бошотуп чыгып кетүүсүн талап кылган. Берилген мөөнөт аяктаганы менен соттун чечими аткарылбай, жыйынтыгында, израилдик полиция бул аймакка кирип келген. Палестиналыктар буга каршы чыгып, абал курчуп, ок чыгарууга чейин барган. 7-май күнү кечинде мусулмандар Израиль армиясынын көрсөткөн өкүмзордук мамилесине каршы нааразычылык иретинде кечки таравих намазынан соң Аль-Акса мечитинен чыкпай коюу чечимине барышкан. Израиль полициясы буга да каршы болуп, чогулгандарды таратуу үчүн мечитке кирип барган. Негизи Аль-Акса мечитине жөөттөрдүн кирүүсүнө тыюу салынган. Ошого карабай израилдик аскерлер басып кирүүдөн кайра тарткан эмес.

Палестиналык ислам кыймылы деп саналган ХАМАС тобу Израилге Аль-Акса мечитинен чыгып кетүүлөрү үчүн убакыт берген. Ошондон кийин Газа тараптан Израилге карата 150 ракеталык ок атылган. Абадан урулган соккуну Хамас тобу кылганын мойнуна алып, аны Шейх Жаррахтагы мечиттеги мусулмандарга карата жасалган агрессияга жооп экенин жар салган.

Дүйнө коомчулугу да бул окуяга көңүлүн бурууда. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган мусулман өлкөлөрүн Израилге каршы турууга биригүүгө чакырды.

Бириккен улуттар уюму да бул окуя боюнча кайрылуу жасап, Израилди салкын кандуулукка чакырды. Адамдарды көчүрүүдө жана кулатууда ыйык жерлерге сый мамиле кылууга жана эл аралык гуманитардык укуктун алкагындагы жоопкерчилигин сезүүсүн эскертти.

Үч күндөн бери уланып жаткан кагылышууларга палестиналык үй-бүлөлөрдү Чыгыш  Иерусалимден көчүрүүгө жол ачкан чечим негиз болду. Дүйшөмбү күнү Израил Иерусалимдин чыгышына көзөмөлүн орнотконунун 54 жылдыгын белгилеген.

Акыркы маалыматтарга караганда, бүгүн 11- май күнү да кагылышуу уланган. «Кызыл жарым ай» коому  анда 395 палестиналык жаракат алганын, алардын 263 жабыркап  ооруканага жеткирилген, учурда абалдары оор боюнча калууда деп маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM