Биз менен байланышыңыз

Аскар Жаныбеков: Быйыл жеңилдетилген насыянын көбү мал чарбасына жумшалды

Кыска кабар , Пикирлер | 12 мая 2021 | 720 | 0

Быйыл өкмөттөн жеңилдетилген насыя алган жарандардын 65-70%ы каражатты мал чарбасына жумшашты. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Быйыл фермерлерге жеңилдетилген насыя берилип жатканына 9 жыл болду. Бул максатта үстүбүздөгү жылы 6 млрд 250 млн сом каралган. Анын 3 млрд 600 млн сому таратылып берилди.

«Бул каражатты өлкө боюнча 7 миң 800 кардар алды. Анын ичинде Баткен облусунда 562 фермер 205 млн сом насыя алышты. Алынган каражаттын 11 млн сому талаачылыкка кетти, 18 млн сому кайра иштетүүгө, калгандары мал чарбасына кетти. Ошондо насыянын 65-70% мал чарбасына жумшалып жатат. Бул эмне дегенди билдирет? Демек, биз келечекте  Кыргызстандагы мал чарба продукциясын биринчиден сапаттуу кылып, экинчиден, өзүбүздүн ички керектөөбүздөн аша тургандай чоң көлөмгө чыгабыз деген ой бар», — дейт министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM