Биз менен байланышыңыз

Чоң-Кеминде «Ата-бабаларды эскерүү» аянтчасы ачылды

Кыска кабар | 11 мая 2021 | 1023 | 14

Быйыл Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата Чоң-Кемин районунун Тар-Суу айылында «Ата-бабаларды эскерүү» аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Чоң-Кемин айылдык кеңешинин төрагасы Адилет Жумабеков «Маралга» билдирди.

Жумабековдун айтымында, буга чейин бардык жердеги мемориалдык эстеликтерде Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун гана аты-жөндөрү жазылып келген. Бирок согуштан кайтып келип, өлкөнүн өнүгүсүүнө салымын кошкондордун аты-жөнү айтылчу эмес. Бул аянтчаны курууда ушул маселелер да эске алынып, эстеликтердин биринде согуштан кайтып келгендердин ысымдары, ал эми экинчи эстеликте согуштан курман болгондордун ысымдары жазылды.

«Ал жерде аскердик техника орнотулган. Тагыраагы, чоң танк бар. Ал танкты биз Кыргызстандын Коргоо иштери боюнча атайын комитетинин төрагасы менен макулдашуулар аркылуу алганбыз. Мыйзам чегинде аны алууга расмий уруксат берилген. Бул танк эскирип, колдонууга жарабай калган. Ошондой эле дагы башка майда аскердик техника орун алган.  Андан кийин курман болгондордун жана согуштан кайтып келгендердин ысымдары төрт эстеликке бөлүнүп жазылган. Мындан сырткары жылдызча өчпөс от орнотулган», — деди Жумабеков.

«Ата-бабаларды эскерүү» аянтчасы жергиликтүү элдин көмөгү менен ишке ашырылды.

14 пикир

14 пикир

  1. Зыйнат

    11.05.2021 22:09

    Адилет ишинизге ийгилик каалайм ушундай жаны идея жарата бериниз,сизге кыргыз эли алкыш айтат. Ата бабаларды эскеруу аянты оркундой берсин. Ошондой эле Марал Радиосу жакшы маалыматты баяндаганы учун ыраазычылык билдирем.

  2. Ширин

    12.05.2021 10:53

    Адилет Асакеевич жана айыл башчыга,Айыл окмотко жалпы эле Тар-суу айылынын тургундарына чон ыраазычылык билдиребиз ушундай мемреалдык аянтчаны уйуштурганынарга мындай аянтча республикадан биринчилерден болуп коруп угуп жатабыз,эн сонун уюшулган болуптур.Силерге чон рахмат силер да ушундай ата энелерден болгула балдарынар сыйлаган,барктаган силердин бул кылган ишинер туболуктуу болуп кала берсин мындан ары дагы айылынар осуп онугуп ,башкаларга улгу болсун чоон рахмат.

  3. Ширин

    12.05.2021 11:06

    Тар суу айыл окмотуно айыл башчынрга жана Адилет Асакеевичке ушундай мемреалдык аянтча курганынарга чоон рахмат, биздин республикада биринчи жолу ушундай кичинекей айыл ушундай аянтча кдурганынрга болокторго да ушундай улгу болсун чоон рахмат силерге ден соолук ишинерге ийгилик дагы ушундай сонун нерселерди уюштуруп аман эсен,айылынар менен биргеликте журо бергиле марал теле каналына да чоон рахмат ушул ишти алып чыкканынарга ишинерге силерге да ийгилик

  4. Алина

    12.05.2021 12:15

    Тар-Суу айылына ушундай иш чара уюштуруп жаткан Адилет Жумабековго чон ыраазычылык.Айылдын колдоосу менен коюлган танк абдан жакшы болуптур.Ар дайым Эл учун кызмат кылгыла.Эл эмГеги ата- балдардын эмГеги Эсте калат.Жана дагы Марал радиосуна чон ыраазычылык.

  5. Эрлан

    12.05.2021 12:33

    Тар—Суу эли азаматсынар, алкыш

  6. Макани

    12.05.2021 13:18

    Каттуу 💪🏽

  7. Айып Исаков

    12.05.2021 18:50

    Негизи Тар-Суу айылынын тургундарына жана Адилет Жумабековко туболук алкыш айтыш керек. Канча убакыт отсо дагы Ата-Бабадарга таазим кылып эстелик орнотуш бул кийинки муундарга дагы 2 Дуйнолук согущту унутпастан эскерип жургонго чон салымын кошот. Бул эстелик согуштан кайтып келбегендерге жана кайтып келип элибиздин бакубат жашоосуна салым кошкондор эч качан унутулбастыгын айгинелейт.

  8. Дамира

    12.05.2021 20:49

    Быйыл Тар-Суу айылыбызда Улуу Жеништин 76 жылдыгына карата «Эскеруу аянты» курулду.Бул демилгени Жумабеков Адилет которуп, аны айылдын башчычы Молдокматов Бактыбек байке колдоп жана жалпы айылдын тургундардын кучу менен ишке ашып,9 майда ачылышы болуп отту.Биз учун бул чон сыймык.Аталарыбыздын арбагы ыразы болсун.Аларга биз дайым ийилип таазим кылабыз.Ушундай демилгени которгон жаштар коп болсун,айылдын осушуно салымын кошкон.»Марал»радио жааматына чон рахмат, ишинерге албан ийгилик,ден — соолук ,радионун уну алыска жетип жакшы кабарларды жеткирип журобериниздер.

  9. Дамира

    13.05.2021 12:56

    Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата Тар-Суу айылыбызда «Эскерүү аянты» комплексинин ачылышы болуп өттү. Бул демилгени Чон-Кемин айылдык кеңешинин төрагасы Жумабеков Адилет көтөруп,аны айылдын башчысы колдоп,жалпы айылдын тургундарынын жардамы менен тургузулду.
    Биз үчүн бул чоң сыймык.Аталарыбыздын арбагы ыраазы болсун.Биз дайыма аталарыбызга ийилип таазим кылабыз.Ушундай демилгени көтөргөн жаштар көп болсун ,айылынын өсүшүнө салымдарын кошкон.»Марал» радиосунун жамаатына ден- соолук,чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.Радионун үнү алыска жакшы- жакшы кабарларды жеткирип турсун.

  10. Айзат

    13.05.2021 15:29

    Азаматсынар

  11. Салина

    13.05.2021 15:30

    Урап

  12. Толгонай

    15.05.2021 10:52

    Тар-Суу элине чон рахмат. Адилет Жумабековго таазим. Марал радиосуна ушундай жакшы жанылыктарды чагылдырган учун чоон рахмат.

  13. Гулнур

    23.05.2021 11:36

    Жакшы

  14. Асыл Абдыкадыровна

    24.05.2021 14:38

    Мекен учун, элибиздин келечеги учун душмандарга алдырбай элибизди, жерибизди сактап келген Аталарыбызга таазим кылабыз! Бугунку куну Улуу Жеништин 76 жылдыгына карата «Тар Суу» айылындагы «Эскеруу комплексин» уюштурган Асакеев Адилет кудама ыраазычылыгымды билдиргим келет! Элин учун, айылын учун чон иштерди жасап жатасын, ишине ийгилик каалайм, «Марал» радиосунун жамаатына ыраазычылык билдирем! Иштеринерге ийгилик каалайм!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM