Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик мүлк фонду жоюлуп, башкаруучу компанияга айланат

Кыска кабар | 11 мая 2021 | 544 | 0

Мамлекеттик мүлк фонду жоюлуп, анын ордуна мамлекет катышкан башкаруучу компания түзүлөт. Бул тууралуу бүгүнкү брифинг учурунда Экономика жана каржы министринин орун басары Бекболот Алиев билдирди.

«Башкаруу формасы башкача болот. Себеби бүгүнкү күндө мамлекеттик активдерди мамлекеттик мүлк фондунун башкаруусунда болгондо көп талаштуу суроолорду жаратууда. Ал жакта айлык аябай төмөн жана мамлекеттик ишканалардан түшкөн кирешелер да аз», — деди ал.

Ошондой эле Алиев мамлекеттик активдерди башкарууга кесипкөй кадрларды тартууда кыйынчылыктар жаралып жатканын айтты.

«Демек, Мамлекеттик мүлк фондунун жоюлушу — аны башкаруучу компанияларга айлануу деп түшүнүү керек», —  деди ал.

Мамлекеттик мүлк фондунун балансындагы имараттар, кыймылдуу мүлктөр тиешелүү министрликтер менен мекемелерге өткөрүлүп берилет.

Copyright © 2017 Maral FM