Биз менен байланышыңыз

Лейлек району чек ара чатагында канча чыгымга учураганы аныкталды

Кыска кабар | 11 мая 2021 | 544 | 0

Кыргыз-тажик чек ара кагылышуусунда Лейлек районунун талкаланып, өрттөлгөн турак жайларын жана социалдык объектилерди кошкондо 1 миллиард 457 миллион сом зыян келтирилген. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Баткендин башчысы Абдикарим Алимбаев Максат айылында жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, жашоочулар менен жолукту.

Иш-чарада Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Хажиматов, Лейлек районундагы жабыркаган айылдарда 11 тергөө тобу түзүлүп, 35 тергөөчү иштегенин билдирди. Анын айтымында, учурда 10 тергөөчү ишмердүүлүгүн улантууда.

Хажиматов, келтирилген зыяндын суммасы дагы өзгөрүшү мүмкүн экендигин кошумчалады.

Эске салсак, чек ара чатагында Максат айылында 89 үй, мектеп, бала бакча, ФАП, милициянын аймактык пункту, айыл башчынын имараты өрттөлүп, жараксыз абалга келген.

Азыркы учурда айылда 50гө жакын убактылуу үй тигилген. Электр энергиясы калыбына келтирилип, таза суу, сугат суу берилип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM