Биз менен байланышыңыз

Бишкекке Өзбекстандан 350 автобус алып келинет

Кыска кабар | 11 мая 2021 | 821 | 0

Бүгүн, 11-майда Бишкек шаардык мэриясынын транспорт башкармалыгы менен «Эко жүргүнчү ташуу» компаниясы «Кызматташтык жөнүндө» меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Меморандумга ылайык «Эко жүргүнчү ташуу» компаниясы үстүбүздөгү жылдын акырына чейин Өзбекстанда чыгарылган «ISUZU» япон маркасындагы газ менен жүрө турган 350 экологиялык автобус алып келет.

«Автобустардын биринчи партиясы 2021-жылы 1-июлга чейин жеткирилет», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2022-2023-жылдар аралыгында «Эко жүргүнчү ташуу» компаниясы газ менен иштеген, майыптарга ылайыкташкан 9, 10, 12 метр автобустардын санын миңге жеткирүүнү пландоодо.

Copyright © 2017 Maral FM