Биз менен байланышыңыз

Бакашова чек ара жаңжалында жабыркагандардан кабар алды

Кыска кабар | 11 мая 2021 | 401 | 0

Бүгүн, 11-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Баткен облусунда кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жаракат алып, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим–изилдөө борборунда дарыланып жаткан жарандардан кабар алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда ооруканада 36 адам дарыланууда.

Жылдыз Бакашова жабыркаган жарандарга чың ден соолук каалап, алардын тез арада сакайып кетишин каалады.

«Чек арадагы акыркы окуяларда катардагы жарандар жана аскер кызматкерлери жабыркады. Мамлекет өз тарабынан жарандардын дарыланышы жана ден-соолугун калыбына келтирүүсү үчүн бардык шарттарды түзөт. Бул маселеге өзгөчө көңүл бурулат», — деди ал.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 154 адам жаракат алып, 57 жаран Бишкек шаарынын медициналык мекемелерине жеткирилген. Анын 36сы – Бишкектеги травматология жана ортопедия илим–изилдөө борборунда, 12си – Улуттук хирургиялык борбордо жана 9у – Улуттук госпиталда дарыланууда. Бардык бейтаптарга тийишгтүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM