Биз менен байланышыңыз

Жаңы мыйзам: Аш-тойдо бодо мал сойсоң, айып төлөйсүң

Коом , Кыска кабар | 11 мая 2021 | 9400 | 6

Аш-тойлорго чектөөлөрдү киргизүү маселесин камтыган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына 10-майдан тарта коомдук талкууга коюлду. Мыйзамды депутат Улукбек Ормонов демилгелеген.

Мыйзам аш-тойлордогу ашыкча чыгымды болтурбоо, шаан-шөкөттү азайтуу, ошондой эле каржыны сарамжал пайдаланууга багытталган элдик демилгелерди колдоо максатында жазылган. Ага ылайык, той, маараке, үй-бүлөлүк салтанаттарга чакырылган коноктор 100дөн ашпашы керек. Үлпөт тойлорго 200гө чейинки конок катышып, банкет менен бир күндүн ичинде өткөрүлөт. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо салтанатына 3төн ашык машина менен барууга тыюу салынат.

Маркумду акыркы сапарга узатууда адам санына чек коюлбайт. Бирок бодо мал союуга тыюу салынат. Жетилиги, кыркылыгы, ашы сыяктуу жөрөлгөлөргө 100дөн ашык адамды чакырууга болбойт, анда да бодо мал союлбайт.

Зыяратчыларды узатуу жана тосуп алуу үй-бүлө, жакындары менен гана өткөрүлөт. Конок чакырып, жалпы иш-чараларды уюштурууга катуу тыюу салынат.

Үлпөт той, маараке-салтанаттарды, сөөк коюу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүү эс алуу күндөрү саат 8:00дөн 23:00гө чейин, ал эми иш күндөрү саат 18:00дөн 22:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жогорудагы эрежелерди бузгандар 8 категориядагы айыпка жыгылышат. Эң жогорку айып жеке тараптарга 17,5 миң сом, юридикалык жактарга 55 миң сом.

«Элибиз акчасын тойго эмес, балдарынын билимине жумшаса…»

6 пикир

6 пикир

  1. Жакшылык

    11.05.2021 13:59

    Туура колдойбуз

  2. Кенжебек

    11.05.2021 14:06

    Штрафты толоп откоро беришет

    • Бообек

      12.05.2021 08:24

      Туура бирок дагы коп нерсе калып кеткен,жылкы баласын жегенди тыкыр токтотуу керек.

  3. Кубатбек

    11.05.2021 17:59

    Эс акылдары оордунда элеби булардын?
    Сөөк койууда иш күнү болуп калса кечки алтыны күтүш керек болуп калат турбайбы.
    Ушундай да чектөөлөр болушу туурабы?Кудайым өзүң сактай көр.А булар өздөрү баш ийеби ушул законуна?Мен ишене албайм.Дагы эле баягы карапайым элге келет да, ,,штраф төлөгүлө»- деп

  4. Калыбай

    11.05.2021 18:06

    Туура колдойбуз бирок айыппулду жогорулатыш
    Керек болбосо байлар айып пулду толоп койуп откоро беришет.

  5. Миргүл

    11.05.2021 18:20

    Эң туура.Ысырапкорчулукту жоюу керек

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM