Connect with us

«Кумтөргө» сырттан башкаруу киргизилеби?

Саясат | 10 Май 2021 | 2693 | 0

Кыргызстанда «Кумтөр» алтын кенине сырттан башкаруу киргизиле турган мыйзам долбоору кабыл алынды. Кенди иштеткен компания 3 млрд долларга жакын доого жыгылды. 

«Кумтөр голд» компаниясы Кыргызстандын экологиялык мыйзамдарын бузганы үчүн 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирилди. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды.

Парламент жакында эле шашылыш кабыл алган мыйзамга ылайык, кенде экологиялык мыйзам бузуулар аныкталса, ишкананы убактылуу үч айга сырттан башкаруу киргизилери каралган. Авторлордун бири, депутат Акылбек Жапаров мыйзам долбоору кен тармагында уруксат келишими (концессия) менен иштеген компанияларга гана тиешелүү экенин айтты.

Ал убактылуу сырттан башкаруу кандай убакытта кирерин түшүндүрдү.

— Бизде концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндөгү мыйзамга ылайык, компания өзүнүн иштөө убактысында адамга же анын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч туудуруп, абдан чоң зыян алып келе турган болсо, убактылуу үч айга сырттан башкаруу киргизүүгө мүмкүнчүлүк бар экен. Бирок кантип, ким киргизе турганы жазылбай калган. Биз ошол себептен акционердик коомдор тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сиздерге сунуштап жатабыз. Эгер компания тышкы башкарууга каршы чыга турган болсо, 5-7 жылга чейин катуу жаза көргөнгө мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Тышкы башкаруучуну Министрлер кабинети тандайт жана тандоо жол-жобосун бекитет. Ал биз бекитип берген мыйзамда так көрсөтүлгөн.

Акылбек Жапаров «Кумтөр» алтын кени боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия үч айдан бери иштеп жатканын жана кийинки жумада жыйынтыгын Жогорку Кеңешке алып чыгарын кошумчалады.

Кыргызстанда концессиялык келишим менен бир гана «Кумтөр» ишканасы иш алып барат. Кенди өлкөдө канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет. Компаниядагы Кыргызстандын азыркы үлүшү 26 пайызды түзөт.

Концессиялык келишим – мамлекет тарабынан жаратылыш байлыктарын, ишкана жана башка объектилерди белгилүү бир шарттар менен чет өлкөлүк фирмалардын пайдалануусуна берүү келишими болуп эсептелет.

«Кумтөр» боюнча комиссия түзүү модага, анан соодага айланды

Экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков «Биринчи радиого» интервью берип жатып, «Кумтөр» боюнча соттун чечимине карата пикирин билдирди. Ал компания соттун чечимине каршы даттанууга укугу бар экенин жана «Кумтөр» боюнча сот чечими экономикага таасир этерин айтты.

— Бул албетте, экономика абалына таасир этет. Мен буга чейин айткандай, «Кумтөр» биздин экономикага белгилүү деңгээлде салым кошуп келет. Албетте, сот процесстери Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгынын негизинде айкыныраак көрүнөт. Мындан тышкары ал жакта биздин эксперттер да иштеп жатат, анын жыйынтыгында тиешелүү чаралар кабыл алынат, — деди министр.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева «Кумтөрдү» иштеткен канадалык компания тарабынан экологиялык зыян келтирилип жатканын мурунтан эле айтып келет. Ал мөңгүнү талкалаганды токтотуп, жер астынан казуу туура болот деген пикирде.

— Экологиялык маселе чынында бар. Мөңгүлөрдү талкалоого такыр уруксат берилбеши керек. Азыр эки мөңгүнү Лысый менен Давыдовду талкалап салды, анда башка Сары-Төр, Бордуну жана Петров мөңгүлөрүн буздурбай сактап калуунун кепилдиги болушу керек. Нарын суусунда суу аз деп жатабыз, суу ошол жактан келет. Бул — аябай чоң экологиялык катастрофа. Азыр сот өндүрүп бере турган 3,2 мдрд доллар деле ал мөңгүлөрдү кайтарып бере албайт.

Менимче, азыр мөңгүнү талкалаганды токтотуп, жердин асты менен казууга өтүү керек. Мен 2014-жылы Кыргыз Республикасынын мөңгүлөрү жөнүндө мыйзам чыгаргам. Депутаттар колдоп, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койбой койгон. Эгер ошол мыйзам киргенде эмгиче булар мөңгүнү бузбай, жердин астынан казып калмак.

Сот «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын «Кумтөр» алтын кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндөгү таштандыларды сактоо боюнча аракетин мыйзамсыз деп тапкан. Компаниядан 261 млрд 719 млн 674 сомду мамлекеттин пайдасына өндүрүү боюнча токтом кабыл алынган. Мындан тышкары «мамлекетке 1 млрд 308 млн 653 сом айып алынсын» деген чечим чыгарылды.

Доогерлердин билдирүүсү боюнча, компания тарабынан 183 млн куб мөңгү бузулган. Мындан аркы соттук процесс көп убакытты талап кылышы мүмкүн. Эл аралык сотто утуу үчүн салмактуу фактыларды даярдоо керек.

Убакыттан уттурбай, кошумча пайда табуунун жолдорун Кыргызстандын тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясы айтып келет. Коомдук бирикменин өкүлү Дүйшөнбек Камчыбеков мындай ойдо:

— Центерранын эсептөөлөрүнүн негизинде, дагы 2031-жылга чейин жете тургандай алтындын запастары такталган экен. Ошол үчүн кенди дагы он жыл иштетип, союздун мезгилинде изилденген 716 тонна алтынды казып бүтөбүз. Биз дагы кошумча каражат табуунун алты жолун сунуштаганбыз. Ушул багытта иш алып барсак жакшы болмок.

«Кумтөрдүн» 2026-жылдан кийинки тагдыры

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Кумтөрдү» сырттан башкарууга уруксат берген мыйзам шашылыш кабыл алынганын сындады. Ал тыштан башкаруу кандай учурда кирерин түшүндүрдү.

— Күн тартибинде болгон маселени дароо үч окууда кабыл алышканын депутаттар жадагалса, өздөрү айтты. Менин оюм боюнча, негизсиз, шашылыш чечим кабыл алуу жакшылыкка алып келбейт. Сырттан башкаруу деген эмне? Көбүнчө ишкана банкроттук абалда турса, анын мүлкүн сактап калуу керек болгон учурда ушундай башкаруу киргизилет. «Кумтөр» керек болсо, гүлдөп турган ишкана. Анан эмне үчүн тыштан башкаруу киргизлгени жатат, бул түшүнүксүз болууда. «Коррупциялык же башка көрүнүштөр болбойбу?» — деп тынчсызданып жатабыз. Мына мамлекетик ишканалардын дээрлик баары дотацияда отурат.

Андан тышкары, «Кумтөр» — татаал өндүрүш. Көптөгөн техниканы, илим-билимди талап кылган тармак. Ишти билбеген киши жетектеп калса, өндүрүш токтоп калышы мүмкүн. Технологиялык, экологиялык кесепеттери болуп, бюджетке да акча түшпөй калышы мүмкүн деген тобокелчиликтер бар.

10-майда «Ата Мекен» партиясы «Кумтөрдөн» акча өндүрүү боюнча соттун чечими туура болгонун билдирди. Партия тараткан маалыматта бул «Кумтөрдү» улутташтырууга болгон алгачкы кадам экени айтылат.

Анткен менен ишкерлер сырттан башкаруу киргизүүнү эл аралык рейтингдерде мамлекеттин имиджине көлөкө түшүрөрүн жана инвестициянын келишин төмөндөтөрүн айтышууда.

Copyright © 2017 Maral FM