Биз менен байланышыңыз

Парламенттин төрагасы Асек Урмамбетовду Жеңиш күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 8 мая 2021 | 262 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов быйыл 98 жашка толгон Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урмамбетовдон кабар алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага ардагерди келе жаткан майрамы — Жеңиш күнү менен чын жүрөгүнөн куттуктап, согуш учурунда көрсөткөн каармандыгы үчүн ага ыраазычылык билдирди.

Биз жеңишке жетишкен муундун алдында карызбыз, сиздердин эрдигиңиздер биздин жүрөгүбүздө жана Кыргызстандын тарыхында түбөлүк сакталып калат. Сиздер азыркы муун үчүн да, кийинки муундар үчүн да үлгүсүздөр”, -деди төрага.

Өз кезегинде ардагер куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, акыл-насааттарын айтып, бардык кыргызстандыктарга тынчылык, ынтымак, биримдик каалады.

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин атынан ардагерге акчалай жардам көрсөтүп, атайын белектерди тапшырды.

Асек Урмамбетов бир топ жашка келип калганына карабастан, согуштун ардагерлерине, майыптарга жана тылда иштегендерге колдоо көрсөтүүчү “Ак –Жол “ фондусун жетектейт, китептерди, роман, поэмаларды жазып жүрөт. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде ал аскерге чакырылган. 1943-жылдын майында 735- аткычтар полкуна туш болуп, аткычтар взводун жетектеген. Согуштук тапшырмаларды аткарып, айыл-кыштактарды, шаарларды фашисттик баскынчылардын бошоткону үчүн Урмамбетов Улуу Ата Мекендик согуш жана Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM