Биз менен байланышыңыз

Экономист: ГЭС курам деген ар бир инвесторго мүмкүнчүлүк берүү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 7 мая 2021 | 806 | 0

Кыргызстанга ГЭС курам деген ар бир инвесторго мүмкүнчүлүк берүү керек. Бул тууралуу экономист Элдар Абакиров «Маралга» берген маегинде президенттин мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүүгө өткөрүү боюнча сунушун талкуулап жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан 1962-жылы курулушу башталып, 1975-жылы ишке киргизилген Токтогул ГЭСинен кийин бир да ГЭС кура алган жок.

«1990-жылдары Кыргызстанда 3 миллион эл жашачу, азыр 6,5 миллион эл жашайт. Бирок ошол эле ГЭСтер иштеп жатат. Логика кайда? Кана, ГЭСтер?  Эмнеге кура албай атабыз?

Учурда Токтогул ГЭСинде суу эң төмөнкү чегине жетип калган кезге келдик. Эмдиги жылы күнүнө бир канча саат эле электр жарыгы берилип калышы мүмкүн. Ошол абалдан чыгара турган чараларды бүгүн көрүп башташыбыз керек. Ар бир ГЭС курам деген инвесторго мүмкүнчүлүк берүү керек. Президент сунуштаган тарифтердин кайсыны туура келсе, ошол тарифтерди берип, ГЭС курдуртушубуз керек. Суу азайып калды, жарык өчөт деген абалдан чыгуу керек.

Биз суубуздун болгону 10 % потенциалын колдонобуз, 90% жөн эле агып кетет. Ошол 90% толук колдонуп, энергия жагы менен такыр башы оорубаган мамлекетке айланышыбыз керек», — дейт экономист.

Анын айтымында, коомчулукта ГЭСтерди жеке компаниялар курса,  электр энергиянын баасы элдин капчыгына туура келбей калат деген коркунуч бар. Муну атаандаштык жаратуу менен чечсе болот.

«Эгерде энергияны бир эле ГЭС сатса, ал монополист болуп, кымбат баада сатат. Дагы ошондой 10-15 ГЭС болсо, атаандаштык болуп баалар түшөт. Атаандаштык бар жерде сапат да бар, баанын төмөндүгү бар бар. Биз ошого жетишибиз керек», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM