Биз менен байланышыңыз

Саясат талдоочу: Мамлекеттик мүлктү жеке колго берүүдө кылдаттык керек

Кыска кабар , Пикирлер | 6 мая 2021 | 603 | 0

Кечээ, 5-майда Президент Мамлекеттик мүлк фонду жоюлуп, мамлекеттик ишканалар жеке менчикке өткөрүлөрүн жарыялады. Саясат талдоочу Шерадил Бактыгулов «Маралга» берген маегинде, бул бир чети жакшы идея болгону менен, жеке колго өтүп кеткен объектилер кээде башка максатта колдонулуп калган учурлар бар экенин билдирди.

«Бакиевдин учурунда бардык мамлекеттик мүлктү Мүлк фондуна киргизип коюшкан. Анан аларды ижарага беришкен. Башкача айтканда, бюджетке каражат аз тийген, алардын чөнтөгүнө көбүрөөк калып калган. Мисал катары айтсак, ижарага алган тарап даарат кагазын сатуу үчүн да Мүлк фондуна кайрылышы керек болуп калган. Мындай иштөө албетте, оор. Бул жагынан алганда, Мүлк фондун жоюп, «эки тизгин, бир чылбырды» мамлекеттик ишкананы алган жеке жактардын өзүнө карматкан туура.  

Бирок мунун экинчи жагы да бар. Жеке колго өтүп кеткен бала бакчалар бала бакча боюнча иштеп калды беле? Жок. Бизде азыр да бала бакча тартыш. Ошол себептен, мамлекеттик ишкананы жеке колго берип жатканда карап чыгуу керек: кандай ишкер алып жатат, кайсы багытта иштетет? Же маданий мекемелерди, клубдарды алсак, аны кандай максатта иштетсек, кайсы жол менен пайдалансак болот деп кароо керек. Ошонун негизинде анан жеке жактарга берсе болот. Анан коррупцияга жол бербөө керек», — дейт саясат талдоочу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM