Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктар август айында төрт күн катары менен эс алышат

Кыска кабар | 6 мая 2021 | 940 | 0

Кыргызстанда 10-май иш күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

9-май – Жеңиш майрамы жекшемби күнүнө туш келгендиктен эс алуу күнү кийинки күнгө, тагыраагы, дүйшөмбүгө жылдырылмак. Бирок Өкмөт ал эс алуу күнүн 30-августка жылдыруу чечимин кабыл алган.

Мындан улам 10-май жумушчу күн деп жарыяланды. Ал эми август айында 4 күн катары менен эс алуу болот. Алар 27, 28-август (ишемби жана жекшемби күнү), 10-майдын ордуна 30-август (дүйшөмбү) жана 31-август – Эгемендүүлүк майрамы эс алуу күндөр болуп жарыяланды.

Кыргыз ССР Жогорку Совети 1991-жылдын 31-августунда «Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө» декларация кабыл алган. Ага ылайык, Кыргызстан көз карандысыз, эгемен, демократиялык мамлекет деп жарыяланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM