Биз менен байланышыңыз

Эгемендик майрамынын алдында бүткүл дүйнөлүк курултай өтөт

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 277 | 0

Президент Садыр Жапаров жаңы Конституциянын кабыл алынышына карата кайрылуу жасап, учурдагы эконмоикалык каатчылыктан чыгуунун жолдорун айтты.

Экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн өкмөттүн алдындагы үч милдет:

-Инвестициялардын агымын жогорулатуу жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү;

-Өлкөнүн изоляцияда калуусуна жол бербөө;

Мунун эки шарты бар: биринчиси, соодадагы негизги өнөктөш мамлекеттер арасында товарлардын эркин жүгүртүлүшүн камсыздоо; экинчи шарты, вакцинация маселеси. Эл эмдөөдөн өтпөсө, пандемия шартында ары-бери өтүүсүнө тоскоолдук жаралат.

-Үчүнчү милдет —  азык-түлүктүн бааларынын кымбатташына жол бербөө.

Антикризистик кырдаалда өкмөт мүчөлөрү, жергиликтүү бийликтин күнү-түнү иштөөсү талап кылынат. Жапаров Кыргызстанга таандык болгон экономикалык моделди табуу үчүн жакынкы аралыкта бүткүл дүйнөлүк курултай өткөрүүнү сунуштады. Анда каатчылыктан чыгуунун жолдору, экономикалык өсүштүн улуттук моделин түзүү маселелери талкууланат.

Бүгүн, 5-майда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Конституциянын жаңы долбооруна кол коюп, элге кайрылуу жасады.

Жыйынга өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков да катышууда. Мындан сырткары мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү — Жогорку Кеңештин депутаттары, судьялар корпусунун өкүлдөрү, өкмөт, коомдук ишмерлер катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM