Биз менен байланышыңыз

«Биздеги фактылар менен Тажикстанды Гаага сотуна бере алабыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 мая 2021 | 3426 | 1

Чек арада орун алган коогалаңда тажик тараптын иш-аракетине «согуштук кылмыш» деген гана баа берүүгө болот. Мындай пикирин саясат талдоочу Азамат Темиркулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тараптан 33 жай жарандын каза болушу — тажиктер тынч жаткан элге карата согуш ачканынын далили.

«Алар биздин аскерлерди эмес, карапайым элди өлтүрүүгө басым жасашты. Согуш бош калган үйлөргө, айылдарга жана алардын жай тургундарына карата жүрдү. Мунун өзү аскердик кылмыш болгонун айтып турат. Биздин аскерлерге карата аскердик аракеттер кагылышуу башталган биринчи күнү гана жүрдү, анда да төрт сааттай тажиктер «Головнойду» басып алууга аракет кылышты. Биздин жоокерлер аздыгына карабай, алардын кол салуусуна туруштук берип, аны менен тим болбой, 3 эсе көп аскерди жок кылып, тажиктердин чек ара тозотун басып алышты. Дагы кайталап кетким келет, биздин аскерлер Тажикстан Республикасынын аскерлерине гана каршы аракеттерди көрүштү. Алар болсо, биздин жай жарандарга жана алардын бош калган үйлөрүнө согуш ачышты. Бул — Гаагадагы эл аралык трибунал тарабынан эл аралык укуктун чегинде жоопко тартылышы керек болгон согуш кылмыштарынын фактылары. Тажикстан — Борбор Азиядагы Женева конвенциясынын келишимине кол койгон, коюп гана тим болбой, аны ратификациялаган жалгыз өлкө. Биз бул келишим менен тажик жарандарын гана эмес, жетекчилигин да Гаага сотуна бере алабыз», -дейт саясат талдоочу.

Буга чейин Кыргызстанда Баткен окуясынан 3 аскер кызматкери, 33 жай тургун каза тапканы маалымдалган. Тажикстан тараптан 8 аскер кызматкери, 8 жай тургун өлгөнү айтылууда.

1 пикир

1 пикир

  1. Айгери

    06.05.2021 21:26

    Биздин президент таджик президенттин ошол Гаага Сотуна береалабы кучу кудурети жетеби вот в чем вопрос

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM