Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Бир бизнес — бир үй-бүлө» долбоору иштеп жатат

Кыска кабар | 4 мая 2021 | 604 | 0

Бишкек шаарынын 4 районунда тең «Бир бизнес — бир үй-бүлө» долбоору иштеп жатат. Бул тууралуу Ленин районунун акиминин орун басары Алтынбек Маматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда жардамга муктаж жарандар абдан көп болууда. Бишкек шаарынын ар бир райондук администрациясында соцтармак бөлүмдөрү иштейт. Алар  жашоо-шарты начар жарандарга бир жылда бир жолу материалдык жардам көрсөтө алышат.

«Андан тышкары, биздин райондо «Азия молл» сыяктуу көп соода борборлору, курулуш компаниялары жайгашкан. Биз аларды «Бир бизнес- бир үй-бүлө» деген долбоорубуздун алкагында өзүбүзгө чакырып, бир үй-бүлөнү бекитип беребиз. Ленин районунда болгон секциялар, тил үйрөтүү курстары менен сүйлөшүп, толук, же жарым-жартылай жетимдерди  бекер окутуп беришине шарт түзүп жатабыз», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM