Биз менен байланышыңыз

5-майга карата аба ырайы

Кыска кабар | 4 мая 2021 | 484 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 5-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +29…+34;

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +26…+31;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;

Нарын жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +23…+28 градус.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13… +15, күндүз +31…+33 градус.

Copyright © 2017 Maral FM