Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура: Тажик тараптын аракети аскердик агрессия катары бааланат

Кыска кабар | 4 мая 2021 | 1158 | 0

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик тараптын аракети аскердик агрессия катары бааланарын кабарлады. Мекеменин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө Тажикстандын аскерлери жана бандиттик түзүмдөрү автоматтарды, миномётторду, аскердик тик учактарды, оор бронетехниканы, артиллерияны жана башка куралдын түрлөрүн Баткен облусундагы тынч жаткан элге карата колдонуп, чек арага кара ниеттик менен кол салды деп айтылат.

Муну менен Тажикстандын аскерлери эки өлкө ортосундагы 2004–жылдын 26-майында түзүлгөн жакшы коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндөгү келишимди, тынчтыкта жашоо принциптерин, достук жана кошуналык мамилелерди бузду.

«Тажик тараптын аскерлери жана куралдуу түзүмдөрүнүн колунан Кыргызстандын 36 жараны, анын ичинде 3 аскер кызматкери жана 2 бөбөктүн каза болгондугу аныкталып, 180ден ашык жаран ар кандай жаракаттарды алды. Учурда көпчүлүгүнүн абалы оор, 33 миңден ашуун жаран чыр чыккан аймактан көчүрүлгөндүгү такталды», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш айылдарында көптөгөн автоматтык, ири калибрдеги куралдардын гильзалары, фугастар жана миналар, жарылбаган снаряддар, авиациялык ракеталар алынып, Тажикстандын куралдуу күчтөрү тарабынан казылган траншеялар, тосмолор жана башка тургузулган аскердик курулмалар табылды.

Кыргызстандын аскер кызматкерлери тарабынан коргонуу, жарандарды коргоо, аймактык бүтүндүктү сактоо максатында гана ок атуучу куралдар колдонулган. Кыргыз Республикасынын аскер күчтөрүнүн жана жарандарынын Тажикстандын аймагындагы калктуу конуштарга жана башка объектилерге кол салган учурлары болгон эмес.

Жогорудагы фактылар боюнча Башкы прокуратура тарабынан 2021-жылдын 29-апрелинде кылмыш иштери козголуп, тергөөдө далил заттары жана видеожазуулар алынып, фото-видео фиксациялар жүргүзүлдү.

Чек ара: Тажикстанды жоопко тартуу талабы

Copyright © 2017 Maral FM