Биз менен байланышыңыз

«Тарыхта Баткен окуясына «тажиктер баштаган согуш» деген баа берилиши керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 мая 2021 | 2437 | 0

Кыргызстан юристтер коомунун координатору Таттуубүбү Эргешбаева «Маралга» берген маегинде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын сактап калуунун бир гана жолу бар экенин айтты.

«Эң биринчи жакшы кадам — согушту токтоттук. Эми бул согуштун кайталануусуна жол бербешибиз керек. Анын 2 жолу бар: биринчиси, согуш болгон жерде аскерлерди жана көзөмөлдү күчөтүү керек; экинчиси, дипломатиялык иштерди жүргүзүү керек. Бул учурда биз эл аралык майдан менен бирге укуктук жана мыйзамдын негизинде иш алып баруубуз зарыл. 

Биз Гаага соту, БУУ, ЖККУ, ЕККУлар менен бирге иштешип, Тажикстан өзү биринчи кол салганын мойнуна алдырышыбыз керек. Бул окуяга тарыхта «чек арадагы согуш, анда Тажикстан агрессор болгон» деген баа берилип, Тажикстандын учурдагы айрым бир өкүлдөрү 3 жылдан кийин болобу, 10 жылдан кийин болобу, эл аралык трибуналдын алдында жооп бериши керек. А репарация, материалдык же моралдык чыгымдар — экинчи орунда», — дейт юрист.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM