Биз менен байланышыңыз

«Чек араларды делимитациялоо — биринчи вице-премьер-министрдин ыйгарым укугу»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 мая 2021 | 527 | 0

Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо укуктарынын УКМКга берилиши өтө туура эмес иш болду. Бул тууралуу Кыргызстан юристтер коомунун координатору Таттуубүбү Эргешбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Делимитация жана демаркация маселеси — биринчи вице-премьер-министр, же атайын өкмөт аппаратынын жетекчисинин жеке ыйгарым укугу. Мурда өкмөттүн аппаратынын ичинде өзгөчө бир департамент иштечү. Анын ичинде саясий абалды аныктап, андан тышкары экспертизаларды берип, анын жыйынтыгында бардык чек ара маселелери боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт эле», — деди юрист Таттуубүбү Эргешбаева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM