Кыргызгидргомет билдиргендей, эртең, 4-майда өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32;
Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +26…+31;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +18…+32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23;
Нарын жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26 градус.
Борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12… +14, күндүз +30…+32°.