Биз менен байланышыңыз

«Баткен окуясы боюнча тергөө эки тараптуу жүргүзүлүшү керек»

Кыска кабар | 3 мая 2021 | 806 | 0

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 2-майда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыштын жүрүшүндө жасалган кылмыштар боюнча 11 иш ачылганын кабарлаган.  Кыргызстан юристтер коомунун координатору Таттуубүбү Эргешбаева «Маралга» берген маегинде тергөөнүн бир тараптуу жүргүзүлүшү туура эмес экенин билдирди.

«Тергөө 2 тараптуу жүрүшү керек. Эки мамлекет ортосунда келишим  түзүлүшү керек. Мына ушул жерде ЖККУга окшогон эл аралык уюмдардын ролу чоң. Ал жерде биздин ИИМ же УКМКнын иш жүргүзүүгө укугу жок. Биздин УКМК, ИИМ, күч түзүмдөр системасы тажик өкүлдөрүн, андан тышкары жарандык коомдун өкүлдөрүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн кошуп, иштерди бирге жүргүзүшү керек. Эгерде биз тергөө иштерин бир тараптуу жүргүзсөк, анда жоопкерчиликке кимди тартабыз?! Тажикстанды тартабызбы же өзүбүздүн жарандарды тартабызбы? Мен үчүн бул түшүнүксүз. Менин оюмча, бийлик бүгүнкү күндө «Эч нерсе эмес, келечекте биз ал нерсени алып чыгабыз, келечекте талап кылабыз. Бүгүн биз саясий позицияларыбызды күчтөп алалы», — деген ой менен иш жүргүзүп жатат окшойт.  Толугу менен далил базаларын топтоп алалы деп жатышса керек. Бирок биз өз ичибизде жүргөн териштирүү иштери менен бирөөнү күнөөлүү кыла албайбыз», — деди Таттуубүбү Эргешбаева.

Анын айтымында, эки тараптуу иликтөө жүргөндөн кийин анын жыйынтыгы менен кыргыз бийлиги тараптан «Тажикстан күнөөлүү» деп табылбаса, эл аралык майдан бизге жардам бере албайт.

«Анткени бул эки суверендүү мамлекеттин ортосундагы мамиле. Иликтөөнүн жыйынтыгында Кыргызстан “Тажикстанга эч кандай дообуз жок” деп туруп алса, анда эл аралык майдандын иликтөөсү сунуш катары гана калып калат. А эгерде биздин жок дегенде бир мамлекеттик орган, көбүнчө өкмөттүк делегациянын мүчөлөрү, мекеме менен коллективдүү түрдө чечим чыгарса, болуп жаткан нерсе чек аралык конфликт эмес, согуш десе, анда Тажикстан өз жазасын алат», -дейт юрист.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM