Биз менен байланышыңыз

Юрист: Баткендеги окуяны «чек аралык конфликт» деп атоо туура эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 3 мая 2021 | 972 | 0

Бул туурасында Кыргызстан юристтер коомунун координатору Таттуубүбү Эргешбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунда Баткенде болуп өткөн окуяга баа бере турган 2 берене бар: биринчиси, «Чек аралык конфликт», экинчиси, «Согуш ачуу». Эгерде Баткен окуясы биринчи берене менен каралып, чек аралык конфликт катары бааланып кетсе, Кыргызстан тажик тарапка эч доо кое албайт. А эгер Тажикстан тараптан кол салуу катары бааланса, анда ошол буйрукту берген Тажикстандын күч куралдарынын жетекчилери президентине чейин жоопко тартылышы мүмкүн. Андан тышкары чыгымдарды толук өндүрүп алса болот.

«Биз, жарандык коом, бул боюнча башка мамлекеттердин көз караштарына анализ кылып чыктык. Биринчи күндөрү «бул кагылышуу Кыргызстан тараптан башталды», — деген тариздеги маалыматтар кетип жаткан. Бүгүнкү күндө эл аралык майдан буга «Тажикстан тарабынан башталып, Тажикстан тарабынан бүткөн согушка тиешелүү агрессия» деген баасын берип жатат. «Human Rights Watch» уюму «кичинекей согуш» деп баалады. Алар мынтип жатса, биздин чек ара боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев муну кандайдыр бир чек аралык конфликт деп айтты. Ташиевдин бул сөзү жарандык коомдун, эл аралык майдандын ушул тармакта жүргүзүлгөн иш-аракеттерин жокко чыгарып жатат», — дейт юрист.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM