Биз менен байланышыңыз

Баткен: Чек арадагы чырда каза болгондор 31ге жетти

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 6352 | 0

Баткен жана Лейлек районундагы чек арадагы чырдан улам каза тапкан кыргыз жарандарынын саны саат 17:00гө карата 31ге жетти. Бул тууралуу Баткен облустук саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Арзыбек Бөрүбеков «Маралга» билдирди.

Чырдан 154 жаран жараат алган. Алардын 121 жай тургундар, 23ү аскер кызматкерлери.

Жаракат алган 49 адам атайын учак менен Баткенден Бишкекке алынып келинип, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургиялык борборго жаткырылды.

Эки жабырлануучунун абалы оор, калгандары орто жана салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Баткен: Кызыл-Белде кайрадан атышуу башталып, абал курчуду

Copyright © 2017 Maral FM