Биз менен байланышыңыз

Баткен: Кызыл-Белде кайрадан атышуу башталып, абал курчуду

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 9253 | 0

Баткен районундагы Кызыл-Бел айылында катуу согуш башталганын жергиликтүү тургундар кабарлады.

«Ташиевдин сүйлөшүүсү ийгиликсиз болду окшойт, Кызыл-Белде катуу согуш башталыптыр. Колдо бар куралдын баары менен атып башташыптыр. Оор артиллерия да тартылыптыр», — деп жазды район тургуну.

Кызыл-Бел Баткен районундагы Тажикстан менен чектеш аймак болуп саналат.

УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, ок атышууну токтотуу боюнча буга чейин жетишилген келишимдерге карабастан тажик тарап саат 16:14тө “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрүү бекетине ок чыгарган. Буга жооп кылып УКМКнын Чек ара кызматынын аскерлери ок атууга аргасыз болушкан.

Саат 16:30да ок атуу токтотулган.

Кошумчалай кетсек, бүгүн саат 13:00дө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен жолукту. Жолугушуу эки өлкөнүн чектеш аймагында өткөн.

Ташиев жергиликтүү ЖМКларга берген маегинде бардык суроолор чечилип жатканын айткан. Кечке чейин кырдаал жөнгө салынарын кошумчалаган.

Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияны жетектейт.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орнотуп баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыккан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Баткен облусунун чек аралаш аймактарындагы ок атышуудан азыркы учурга карата 134 кыргызстандык жабыркап, 13 адам каза болду. 25 адам атайын учак менен Бишкек шаарындагы ооруканаларга которулду. 86 жаран Баткен облустук ооруканасына жаткырылган.

Copyright © 2017 Maral FM