Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз тараптын тажиктердин ок атуусуна жооп бербей жатканы чоң суроо жаратат»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Апр 2021 | 16067 | 3

Тажиктер биздин адамдарды коён аткандай эле атып жатат. Бул туурасында Баткендин мурунку башчысы Султанбай Айжигитов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал тажиктердин мындай  иш-аракеттерине кыргыз аскерлеринен жооп болбой жатканына таң калды.

«Алар агрессор болуп, биздин территорияга кирип келип атса, биздин үйлөрдү өрттөп жатса, биздин адамдарды өлтүрүп жатса, ал тургай өздөрүнүн чек ара бекеттеринин ичине кирип келип кол салып жатса, эмнеге унчугушпайт? Буйрук жок деп атпай жатышат имиш. Бул деле чоң суроо. Эмне үчүн мындай болуп жатат, бул кимдин командасы?!  Бул жерде суроолор аябай көп. Биз тараптан да, тажик тараптан да акылга сыйбаган иштер болуп жатат», — деди Айжигитов.

3 пикир

3 пикир

  1. Асылбек

    30.04.2021 17:33

    Армияда жургондо караул озунун чегине кирген кишиге, стой кто идёт, освети лицо дейт, эгер жооп бербесе асманга атат. Дагы деле келе берсин озуно ок чыгарат. А бул жерде аскердик болукко кирип келсе да ок чыгарбаса. Бул эмне деген… соз таптым, бирок жазганга болбойт.

    • миша

      01.05.2021 07:10

      Ошого биздикилердин мээси жетпей жатат, мээси жетсе да духу жетпей жатат, эртеңки креслолорунан коркушуп жоготуп коембу дешип, а бул жакта канчалаган кыргыздар кырылып кетти

  2. Улукбек

    02.05.2021 05:30

    Шашпагыла бул жерде чооң оюн бар биз жеңебиз.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM