Биз менен байланышыңыз

Айжигитов: Чек ара Артем Новиков чече турган маселе эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Апр 2021 | 1336 | 1

Кыргыз-тажик чек арасы биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков чече турган маселе эмес. Бул тууралуу Баткен облусунун мурунку губернатору Султанбай Айжигитов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул маселени президент өзү колго алып, эл аралык уюмдарды тартуу менен тез арада чечиши керек.

«Артем Новиковдун бул маселени чечүүдө анчалык укугу жок. Аны улуту — орус, тажиктер менен сүйлөшкөндө нейтралдуу киши деп эле койбосо, анын жашы да туура келбейт. Тажик тараптын аны менен сүйлөшө турган чиновниктеринин жашы 60тан өтүп калган. Бары-жоктун баарын көргөн, тажрыйбалуу кишилер. 35-36га келген Новиков алар менен эмнени сүйлөшөт? 60 жаштагы адамдар менен тең ата сүйлөшкөн адам керек. Новиковду сындаганым эмес, бирок аны алмаштыруу керек. 

Бул жерде кайра эле кайдыгер мамиле кылып жатабыз. Муну президент өзү колго алып, Рахмонго чыгып, ЖККУну, ШКУну тартуу менен чечиши керек. Чек арага, коопсуздукка өтө кылдат көңүл бөлбөсө болбойт. Бардык коомдун эң биринчи талабы — коопсуздук. Коопсуздук болбосо, экономикаң да өнүкпөйт», — деди ал.

Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, маселени терең чечүү анын гана колунан келерин айтуу менен, жанына Кыргызстандын көйгөйлөрүн жакшы билген адамдарды топтоону сунуштады.

1 пикир

1 пикир

  1. Бексултан

    01.05.2021 01:29

    Айжигитов арабтарда мындай сөз бар да биз адамдардын жашана эмес сүйлөгөн сөзүнө маани беребиз ошондуктан бир нерсени айтардан мурда жакшылап ойлонуп суйлонуз терең урматтоо менен Бексултан

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM