Биз менен байланышыңыз

Кореялык компания Кыргызстанга күнөскана боюнча адистерди даярдоого көмөк көрсөтөт

Кыска кабар , Чарбачыл | 30 Апр 2021 | 331 | 0

Кыргыз улуттук агрардык университети менен кореялык компания 28-апрелде айыл чарба жаатында иштешүү үчүн меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Сон Гюнг Гван университетинин профессору Ким Жихун «Маралга» берген маегинде билдирди.

Профессордун айтымында, биринчи жолу Кыргызстанга 2018-жылы университеттин атынан иш сапар менен келген. Анын алкагында айыл чарба тармагында, суу багытында көп жолугушууларды, консультацияларды өткөргөн.

«Биринчи жолу келгенимде, өлкөдө суу, энергетика жана айыл чарба тармагында өтө көп көйгөйлөр бар экенин уккам. Бирок аны менен катар дыйкан чарбасынын келечеги чоң өлкө экен деген ой жаралган. Бул бир чети Кыргызстандын картада Улуу Жибек жолунда жайгашканынан болсо керек, мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк туюлду. Калкы да жаш, айыл чарба багытындагы жерлер да көп экен. Ошондон улам Кыргызстан менен Кореянын ортосунда айыл чарба багытындагы компанияны ачуу оюма келди. 2019-жылы ЖЧК түздүк. Ошол компаниянын азыр 14 гектардай жери бар, анын 1 гектарын күнөскана — «Акылдуу ферма» куруп койгонбуз. Ал Канттын ылдый жагында жайгашкан»,  -дейт ал.

Анын айтымында, Кыргызстанда кыш, жаз айларында аба ырайы катаал болгондуктан, мөмө-жемиштердин баасынын 5 эседен да көп кымбаттап кетиши байкалат. Ошон үчүн өлкөгө технологиялык дыйканчылык, башкача айтканда, мөмө-жемиштерди жабдуулардын жардамы менен өстүрүү ыкмасы керек.

«Азыркы учурда биздин компания Кыргыз улуттук агрардык университети менен меморандумга кол койду. Анын себеби Кыргызстанда күнөскана жаатында иштеген тажрыйбалуу адистердин жетишсиздиги. Мөмө-жемиштерди кышында өстүрүү жагын камсыз кыла турган тажрыйбалуу адистер жок экен. Эми биз келечекте өзүбүздүн базабызда болобу, же Айыл чарба университетинин базасындабы, кесипкөй дыйкан-фермерлерди окутуу ниетибиз бар. Келишимге 28-апрелде кол коюлду. Бирок биздин бул багытта иштеп жатканыбызга бир топ убакыт болду. Быйылтан тартып, студенттерди жумушка дагы, практикага дагы кабыл алып баштайбыз. Алардын күнөскана боюнча тажрыйбасын ашырып, башка аймактарга чыгып иштей турган даражага жеткиребиз деген ниеттебиз», — дейт Ким Жихун.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM