Кыргызстандын энергетика тармагын эгемендүүлүккө жетиштирүү үчүн 1 млрд доллар жумшалган. Андан кийинки 30 жылда дээрлик өнүгүү болгон жок.
Бул аралыкта Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай ГЭСтери курулуп, Камбар-Ата-2 жана Бишкек ЖЭБде бир блок ишке киргизилди.
Казакстан жана Өзбекстанда болсо электр энергиянын кубаттуулугу 40-50%га өстү.
Кыргызстандын эмгек сиңирген энергетиги Калый Рахимов 29 жылдагы энергетика маселелерине анализ жасап, китеп чыгарган. Анда бул тармакты өнүктүрүү үчүн үч жолду: чакан ГЭСтерди курууну; даяр суу сактагычтарга ГЭСтерди курууну; кубаттуулугу жогору станцияларды курууну сунуштаган. Энергетик бул боюнча өкмөткө да кайрылып, алгылыктуу жооп ала алган эмес.
— Бул тармакты өнүктүрүү үчүн бир топ пункттарды сунуштайм. Мисалы, чакан ГЭСтерди куруу керек. Бир дарыяга бирдей типтеги 5-10 чакан ГЭС куруп, окшош жабдууларды коюу керек.
Мындан тышкары, бизде даяр плотиналар бар — Орто-Токой, Киров, Папан плотиналары турат. Даяр плотиналарга станцияларды куруу арзанга түшөт.
Күчтүү кубаттуулуктагы станцияларды куруу керек. Жакынкы келечекте Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу маселеси турат.
Энергетика министри Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну 2035-жылдарга пландап жатканын уктум. 10-15 жыл күтүү керекпи, маселени чечүүнү бүгүн баштоо керек. Энергетика тармагында жетекчи болгон эмес, эч ким түзөтүү киргизип, же оңдобойт. Азыр жаңы тариф саясаты ишке ашса, албетте акча түшөт. Бирок система ушундай, алар бардыгын жети компанияга бөлүп, акча таратышат.
Эгер бул улана берсе, анда өнүгүү болбойт. Энергетика тармагында миллиарддаган акчалар айланып жатса да, чакан ГЭСтерди курууга каражат бөлүүнү чечкен эч ким жок. Окумуштуулардын пикири олуттуу кабыл алынбайт.
Кыргызстанда 1 кВт электр энергиясынын баасы 1,77 сом, ал эми калк үчүн орточо тариф 1,38 сом. Мындай сандарды Мурдагы Энергетика министрлигинин статс-катчысы болгон, энергетика маселелери боюнча эксперт Батыркул Баетов айтты.
ГЭСте 1 кВт электр энергиясынын өндүрүү наркы 16 тыйын, электр энергиясын берүү 39 тыйын, бөлүштүрүү 52 тыйын, салыктар 12 тыйын, техникалык жоготуулар 15 тыйынды түзөт.
1 кВт электр энергиясынын жалпы баасы 1,77 сом, ал эми орточо наркы 1,38 сом. Жалпысынан 39 тыйын чыгымга учурап жатат.
— Ушундай финансылык абал менен энергетика тармагы албетте, кыйрайт. Биз акыркы 10 жылдан бери айтып келебиз, 6 млрд кВт саат электр энергиясы экономика, социалдык муктаждык үчүн жетишпейт. Эгемендик жылында бир агрегат ишке киргизе алды, ошондо да жабык кубаттуулукта. Чакан ГЭСтен, шамалдан, күндөн кубаттуулук алуу колубуздан келбей жатат. Ага акча жок. Узак убакытка эч бир инвестор акча да салбайт.
Казакстанда бир жылда 100 млрд кВт саат электр энергиясы иштелип чыгат, Өзбекстанда 60 кВт саат, Тажикстанда 20 кВт сааттын тегереги, Кыргызстанда бардык агрегаттар, жылуулук борбору авариясыз иштегенде да жылына 14-15 млрд кВт саат гана электр энергиясы иштелип чыгат. Буга карабай биз электр энергиясын үнөмдөбөй жатабыз, мамлекеттик мекемелерди айтпай эле коёюн, бардык жерде жарык күйүп турат.
Өткөн жумада президент Садыр Жапаров энергетика тармагындагы адистер менен кризистен чыгуу жолдорун талкуулап, ал үчүн электр энергиясына болгон тарифти жогорулатууну сунуштады.
Жаңы тарифтик саясаттын долбоорунда жакыр үй-бүлөлөр жана катаал шартта жашагандар үчүн жеңил тарифтер сакталат. Калган катмарлар үчүн тариф эки эсе кымбаттайт.
Энергетика тармагындагы адис Мирбек Батаканов Кыргызстанда электр энергиясы көп акчага өндүрүлүп, аз акчага сатылат деген пикирде.
— Бизде бүгүн шаардын электр энергиясында эң жупуну технологияларды колдонобуз, чыгым көп. Мындай кете берсе, борборлоштурулган жылуулук берүү токтоп калышы мүмкүн. Сапат жөнүндө унутуп деле калдык. Биз дайыма өзүбүздү алдап жашай албайбыз. Мен мындан 10 жыл мурун тарифти жок дегенде инфляциянын деңээлине жараша көтөрүүнү сунуштагам. Бирок чалкасынан кетишкен. Биздин азыркы жылуулук тармагы «Москвичтин» кейпин кийип калган. Ошол эле учурда тарифти көтөрүү саясий максатты көздөбөшү керек.
Жаңы тариф саясатынын долбоору тууралуу айтсак, жакыр үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясын 74 тыйын, жашоо-шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын тургундары үчүн 1 сом 4 тыйын, жашоо-шарты жакшы үй-бүлөлөр үчүн 1 сом 48 тыйындан сатуу сунуштаган.
Ошондой эле жашоо-шарты жакшы үй-бүлөлөр үчүн кыш мезгилдеринде электр энергиясын пайдалануу 1000 кВт сааттан ашса, 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуш берилген.
Эксперт Замирбек Узагалиев тарифти мындай бөлүштүрүү коррупцияга жол ачышы мүмкүн экенин айтууда.
— Кымбат баалуу отундан өндүрүлгөн электр энергиясы жыйынтыгында арзан бааланып калууда. Электр энергиясынын да өздүк наркы болушу керек. Азыр сунушталып жаткан жаңы тариф боюнча үч категорияда — үч башка баада сатылганы жатат. Муну да ойлонуп чыгуу керек. Муктаж үй-бүлөлөргө электр энергиясы жеңил тариф менен берилсе, мамлекеттик дотация болушу керек.
Совет мезгилинде 1 кВт электр энергиясы бир тыйын турчу. Ал эми элге 4 тыйындан сатылчу. Нааразы болбой эле төлөп келгенбиз. Азыр элге түшүндүрүп, тарифти базар баасына жараша өзгөртүп туруу керек. Бул үчүн митингдерге чыгуунун кереги жок.
Бийлик сунуштаган жаңы тарифтик саясаттын долбоору август айына чейин коомдук талкууда болот. Андан кийин чечим кабыл алынары айтылган.
Айрым энергетиктер тарифти көтөрүү менен энергетикалык каатчылык чечилбей турганын да айтышат.