Биз менен байланышыңыз

Президент жергиликтүү сотторго бир катар судьяларды дайындады

Кыска кабар | 27 Апр 2021 | 591 | 0

Буга чейин иштеп жаткан судьялардын Конституцияда каралган ыйгарым укуктары аяктаганына байланыштуу Судьяларды тандоо кеңеши Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондук сотторуна жаңы судьяларды дайындоо үчүн Президент Садыр Жапаровго 31 талапкерди сунуштады.

Садыр Жапаров 30 талапкерди судьялык кызматка дайындоо боюнча Кеңештин сунушуна макул болду.

Ал эми тиешелүү мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, бир судьялык кызматка талапкердин документтерин Кеңешке кайтарды.

Президент 30 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарды чыгарып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

– Чүй облусу:

Чүй райондук соту:

Курманова Гүлай Эсеновна;

– Жалал-Абад облусу:

Аксы райондук соту:

Батыралиев Кайрат Абдуллаевич;

Дарманкулов Манасбек Маширапович;

Насирова Ташкан Жумабаевна;

Базар-Коргон райондук соту:

Миталипов Шарипжан Таштемирович;

Нармырзаев Марклен Алтынбекович;

Эргешов Сулайман Кадырбекович;

Ноокен райондук соту:

Өскөнов Данияр Айтмаматович;

Турдумбетов Мунарбек Шерматович;

Сузак райондук соту:

Маматалиева Нуржамал Исмаиловна;

Жолдошов Иматилла Султанович;

Жолчу кызы Сапаргүл;

Смадиярова Айжан Алимжановна;

Осмоналиева Уулкан Мыкталиевна;

Тогуз-Торо райондук соту:

Каримбеков Ниматилла Исмаилович;

Төлөнбаев Аманбек Ыдырысович;

Чаткал райондук соту:

Осмонов Сотибек Ырыскулович;

Токтогул райондук соту:

Бапанова Гүлмира Шериевна;

Кара-Көл шаардык соту:

Миркамилов Нурлан Мирпазылович;

Майлуу-Суу шаардык соту:

Асылбашев Данияр Куванычбекович;

Таш-Көмүр шаардык соту:

Садыков Алтынбек Кадырбаевич;

Жалал-Абад шаардык соту:

Апысова Аида Айдаралиевна;

Калмамат уулу Алтынбек;

– Ош облусу:

Кара-Суу райондук соту:

Туманова Венера Сүйүнбаевна;

Чоң-Алай райондук соту:

Эргешова Элиза Исаковна;

Ош шаардык соту:

Истамкулов Кылычбек Маканбаевич;

Курманбеков Темирбек Улукбекович;

Маматов Темирбек Тайырбекович;

Акматов Абдималик Алиевич;

Матенов Таалайбек Убанкожоевич.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM