Биз менен байланышыңыз

АУЦАнын жетекчисине каршы иш саясатташты

Коом , Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 1201 | 0

Борбор Азиядагы Америка университетине карата каралоо жүрүп жатат. Мындай пикирлер окуу жайдын жетекчисинин атына күмөндүү дары каражаттары келгенден кийин айтылууда. Негизинен окуу жайдын имиджине доо кетирген сөздөр буга чейин да айтылып келген.

23-апрель күнү Борбор Азиядагы Америка университетинин президенти Эндрю Качинс Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына сурак берип чыкты. Ал мындан ары да суракка келип туруу шарты менен бошотулду. Ректордун үйү да тинтүүгө алынды. Дарегине келген дары каражаттары кошумча экспертизадан өтүүдө.

ИИМдин басма сөз кызматынын инспектору Адинай Шаршеева факты тууралуу буларды билдирди.

— Ушул жылдын 11-мартында Бажы кызматы баңгизаттарды жана психотроптук заттарды аныктоого багытталган иш-чараларды жүргүзгөн. Ал учурда  Борбор Азиядагы Америка университетинин дарегине Эндрю Качинстин аты жазылып, Дубайдан посылка келген. Ал документация катары көрсөтүлгөнү менен ичинде таблетка жана капсула түрүндөгү заттар бар экени аныкталган. Алдын ала текшерүүнүн алкагында бул заттар баңгизат жана психотроптук зат болгон үчүн иликтөө аягына чыкканга чейин алынган. 12-мартта Бажы кызматы материалдарды Ички иштер министрлигине жөнөткөн. ИИМдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 268-беренесинин 1-бөлүмү «Баңгизатын мыйзамсыз даярдоо, сатуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаган. Экспертизанын жыйынтыгында, университет жетекчисинин атына келген дарынын курамында психотроптук заттар бар экени аныкталды. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жетекчинин унаасы менен жашаган жери тинтүүгө алынган. Өзү шектүү катары суракка чакырылган. Мындан ары суракка келип туруу милдеттенмесин алуу менен бошотулган. Учурда алынган заттар кошумча экспертизадан өтүүдө.

Бул окуядан улам Борбор Азиядагы Америка университетинин дарегине каралоо жүрүп жатканын айткандар болууда. Окуу жайдын бүтүрүүчүсү, учурда анда болуп иштеп жаткан саясат таануучу Эмилбек Жороев окуяны мындай чечмелейт.

— Борбор Азиядагы Америка университетине жана президенти Эндрю Качинске карата козголуп жаткан бут тосмо иштин артында, менимче, бир нече кызыкчылыктар бар. Ал кызыкчылыктардын бирөөсү (бирөөсү гана) — геосаясат:

Америка менен байланышкан кимди гана болбосун жаманатты кылып, элге жек көрсөтүп, Кыргызстанды Америка менен кол алышпас кылууга кызыкдар бир тараптар бар.

Анткени баарыбыз билебиз, Кыргызстан Америка жана Орусиянын ортосундагы талаштардын, бири-бирине болгон ар кандай касташуу сөздөрүнүн арасында биз оюн талаасына айлангандайбыз. 

АУЦАнын башчысы, эл аралык чөйрөлөрдө аброю бар, көп жылдар бою иштеп тапкан аты бар киши, айланып келип бир университеттин башчысы болуп туруп, баңгизат жасоого умтулуптур дегенге бир дөдөйлөр эле ишенбесе, эч ким ишенбейт. Биздин коррупцияга малынып бүткөн, чыныгы кылмыштарды иликтөөнү экинчи орунга калтырып койгон, ишкерлерди, оппозицияны, чет өлкөлүктөрдү коркутуу менен убара болуп калган органдарга, ушундай обу жок күнөө тагып жатканда, канчалык ишеним бар?

Окуу жайдын камкорчулар кеңешинин мүчөсү Дэвид Лахдхирдин билдирүүсү университеттин Фейсбук баракчасына жарыяланды. Анда Качинске келген каражаттар дарыгери жазып берген дарылар болгону айтылат.

Дары АКШда колдонууга уруксат берилген жана америкалык ири дарыкана тарабынан жөнөтүлгөн.

— Дары-дармек АКШда колдонууга бекитилген, аны АКШдагы дарыгери медициналык абалына караштуу колдонушу үчүн жазып берген. АКШдагы ири аптекалардын биринен почта аркылуу жөнөтүлгөн. Биз маселени тез жана туура чечилет деп үмүттөнөбүз.

Дары каражаттарынан тышкары университеттин ректору Эндрю Качинстин мугалимди урушканы тууралуу интернет айдыңында маалыматтар тарады. Жергиликтүү кызматкерлерге болгон мындай мамиле көпчүлүктүн сынына кабылды.

Окуу жайдын камкорчулар кеңешинин мүчөсү, Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева да ушундай ойдо. Ал Фейсбуктагы баракчасына жазганына караганда, ректор эмоциясын башкара албай, одоно мамиле кылган учурлары көп болгон.

— Ректордун психотроптук заттарды колдонгону тууралуу эч нерсе айта албайм, аны укук коргоо органдары тактап, мыйзамдуу чечим кабыл алышсын.

Мен жетекчинин окуу жайда иштеген жергиликтүү кызматкерлерге, мугалимдерге кылган мамилеси тууралуу айткым келип жатат. Окуу жайга карата каралоо деле болгон жок. Бийликтин эч кандай дооматы жок. Маселе жетекчинин кол алдындагы кызматкерлерге кылган мамилесинде болууда. Ал эмоциясын башкара албай, системалуу түрдө мугалимдерге, студенттерге орой мамиле жасаганы туура эмес. Америкада болсо бул үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эле.

Университеттин айланасындагы окуяны саясий маселелер менен байланыштыргандар да бар. Укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун пикиринде, Борбор Азиядагы Америка университетине болгон каралоо -мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун АКШнын «Магнитский тизмесине» киргизилгени менен байланыштуу болушу мүмкүн.

— Мен бул окуяны «Магнитский тизмеси» менен байланыштырып жатам. Себеби Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Американын «Магнисткий тизмесине» киргизилген. Анткени булар АУЦАны жоготууну көздөп жатышат. Негизи окуу жайга болгон каралоо — мурунтан келе жаткан тенденция. Акыркы күндөрү өтө күчөп кетти.

Билим берүү маселелери боюнча эксперт Кеңешбек Сайназаров маселени саясатташтыруудан алыс болуу керек деп эсептейт.

— Менин оюм боюнча, дарыга тиешелүү маселелердин чыгышы адамдын өздүк мейкиндигине аралашуу катары сезилип жатат. Себеби мындай оорусу бар болсо, анын дарылануу жолдору купуя сакталышы керек. Балким чынында эле ошол дары каражаттары дарыгердин көрсөтмөсү менен алынгандыр. Мунун сыртка чыгып кеткени туура эмес болуп калды. Мен эки күндөн бери интернет айдыңынан окугандарымдан улам оюмду айтып жатам. Маселе чыккандан кийин аны окуу жайга карата каралоо же дагы башка саясий маселелер менен байланыштыруу туура эмес деп ойлойм.

Борбор Азиядагы Америка университетинин ичинде болгон окуялар боюнча ички иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылгандар да бар. Себеби маалыматтар тактала электе коомчулукка тарап кеткени күмөн жаратууда. Окуу жайдын студенттери ректорду коргоп, билдирүү таратышты. Алар Америка университети 25 жылда Кыргызстан үчүн мыкты адистерди даярдап чыкканын эске салышты.

Copyright © 2017 Maral FM