Биз менен байланышыңыз

Хлоя Чжао «Оскар» сыйлыгын алган экинчи аял режиссер болду

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 803 | 0

Хлоя Чжао 2021-жылдын «Мыкты режиссер» номинациясында «Оскар» сыйлыгын алды жана анын «Көчмөндөрдүн жери» тасмасы «Эң мыкты тасма» номинациясын жеңип алды. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Чжао Оскар тарыхында бул сыйлыкты алган экинчи аял режиссер болуп саналат. Биринчи Оскар сыйлыгын аялдар арасында Кэтрин Бигелоу аттуу режиссер 2010-жылы «Повелитель бури» тасмасы үчүн алган.

«Көчмөндөрдүн жери» тасмасында 60 жаштагы жесир Ферн аттуу аялдын жумушунан айрылып, убактылуу киреше издеп Америкага аттанганы жөнүндө баяндайт. Тасмада башкы ролду ойногон актриса Фрэнсис МакДорманд мыкты актриса номинациясын жеңип алган.

Бул жылы «Эң мыкты тасма» номинациясына сегиз тасма көрсөтүлгөн. Алар: «Звук металла» (режиссеру Дариус Мардер), «Иуда и черный мессия» (Шака Кинг), «Минари» (Ли Айзек Чун), «Суд над чикагской семеркой» (Аарон Соркин), «Девушка, подающая надежды» (Эмиральд Феннел) жана «Ата» (Флориан Зеллер).

Ал эми «Эң мыкты режиссер» номинациясы үчүн Ли Айзек Чун (Минари), Томас Винтерберг («Еще по одной»), Дэвид Финчер («Манк») жана Эмиральд Феннел ( «Девушка, подающая надежды») ат салышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM