Биз менен байланышыңыз

Оскар сыйлыгы: Номинанттар жана жеңүүчүлөр

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Фев 2020 | 720 | 0

“Оскар” сыйлыгын тапшыруунун 92-аземи 2020-жылдын 9-февралында болуп өттү. Бул жолу америкалык киноакадемия сыйлоонун регламентине бир катар өзгөтүүлөрдү киргизип, “чет тилдеги мыкты фильм” категориясына да сыйлык берди. Мындан ары ал «Эл аралык толук метраждуу чет тилдеги фильм” деп аталат. 13-январда сыйлыкка татыктуу номинанттардын кыскача тизмеси жарыяланган. Лидер катары “Жокер” тасмасы алдыга чыгып, 11 номинацияда эң мыкты тасма деп табылган. Режиссеру – Тодд Филлипс, ал эми башкы каармандын ролун эң мыкты аткарган Хоакин Феникс болгон. Ошондой эле композитор Жон Уильямс Киноакадемиянын 52-сыйлыгына татыктуу болуп, киноиндустриянын учурда жашап жаткан эң титулдуу макамына ээ болду.

Экинчи пландагы ролду мыкты аткаргандыгы үчүн Бред Питт жана Лора Дерн «Оскар 2020» сыйлыгын алышты. Ал эми “Эң мыкты режиссер” номинациясы боюнча сыйлыкты “Паразиты” деп аталган тасманы тарткандыгы үчүн Пон Жун-Хо алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM