Биз менен байланышыңыз

Бүгүн маркум Бексултан Жакиев акыркы сапарга узатылат

Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 404 | 0

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, драматург, профессор Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 26-апрелде болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, маркум менен коштоштуу иш-чарасы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында саат 10:00дө башталат. Сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет.

Бексултан Жакиев 25-апрелде 85 жаш курагында дүйнө салды.

Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев дүйнө салды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM