Биз менен байланышыңыз

Гүлзат Аалиева камакка алынды

Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 1019 | 0

Философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева кечээ, 21-апрелде камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө ушул жылдын 19-февралында «Д.У.» аттуу жаран «Фейсбук» социалдык тармагы аркылуу дин жана аймактар ​​аралык кастыкты козуткан Гүлзат Аалиева аттуу жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факт Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (расалык, улуттук диний же аймак аралык кастыкты козутуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү 1973-жылы туулган Гүлзат Аалиева тергөө кызматына жеткирилген, ал жерден Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары Аалиеванын жарыялаган билдирүүлөрүнүн мазмуну боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында зарыл болгон тергөө уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM